Назира Айтбекова: «Кээде чоңойсоң боло дешет мага!»

Алып баруучу Назира Айтбекова инстаграм баракчасына өзүнүн көңүлүндөгү болуп жаткан ойлору менен бөлүшүп, катталуучуларын түрдүү ойго салып, жашоого тиешелүү болгон посттордон жазып турат.  Бул ирет, Назира айым балалыкка кайткысы келдиби айтор, төмөндөгү оюн жазып калтырган…

Анда, «Ооруй бергенден тажачумун. Батырак чоңойсом, чоңдордун жашоосуна кирсем дечүмүн. Мектептин сынагынан качып, турмуштун сынагына туш болооруңду кайдан билесиң анда? Чоңдордун жашоосу баёо сезимдер менен коштолбойт экен. Ошон үчүн алар менен беттешкен соң, балалыкты издей баштайсың. Бала болгуң келет. Балдарыңа суктанасың! Алардын көкүрөгүндөй тазаргың келет. Кээде чоңойсоң боло дешет мага! Чоңойсо эле жыргап кетчүдөй. Башымды чайкайм. Энемдин этегин селкинчек кылган бейкапар кезди сагынып…»

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу