Назира Айтбекова: «Кыздар абийири менен турмуш куруш керек. Эркек «тажрыйба» топтоп, «проституткаларга» барып, анан үйлөнүш керек…»


Мыкыны “эркексиң” деп аябай колдодук ээ?) Ордуна бир кыз болсо, бачагын гана чыгармакпыз! Шерменде ж.б. жакшынакай…

Опубликовано Nazira Aytbekova Понедельник, 28 января 2019 г.

Алып баруучу Назира Айтбекова өздүк баракчасына баарыбызга маалым болгон «Эң Мыкы Шоунун» алып баруучусу Мыкыга болгон өз оюн төмөнкүчө билдирди:

«Мыкыны «эркексиң» деп аябай колдодук ээ? Ордуна бир кыз болсо, бачагын гана чыгармакпыз! Шерменде жана башка жакшынакай сөздөр менен атап, жерге — сууга көмөлөтүп, тепкилеп, кыргызды уят кылып атат деп, жөн эле өлтүрүп койсок керек. Эркектерге дайым колдоо болот. Тескери басса да жарашат. Эркек да дейбиз. Жылаңачтанса да жарашат. Эчтеке болбойт. Боло берет дейбиз. Балдарын таштап кетсе да жарашат. Аялы начар да дейбиз. Аялдарды деле актаган мезгил болобу? Жеңилирээк эле көйнөк кийип калсаң, жеткен жеңил ойлуу деп айтышат! Акыйктасыздык! Ушул статусумду да төпөштөйсүңөр азыр. Эркекке өчөшүп жылаңачтанып ал, жүрүп кет жана башка деп жазасыңар. Көзү ачыгы жок эле көрөм да жазыла турчу комментарийлерди. Кыздар абийири менен турмуш куруш керек. Эркек «тажрыйба» топтоп, «проституткаларга» барып, анан үйлөнүш керек. Анан ал эркектер барган сойку да сойку болуп иштеген үчүн да элдин жемесин угуп, төпөш жеш керек. Талап болмоюн товар болбойт деген эч ким жок!», -дейт алып баруучу айым.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу