Назира Айтбекова: «Кимдир бирөө сыртынан алсыз көрүнгөнү менен күчтүү чыгат…»

Өзгөнү кой өзүңдү да толук кандуу таанууга мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Ичиңде кандай адам жашаарын билбейсиң. Жаныңа батса, жырткыч да, жайгара келсе периште да ойгонот. Кимдир бирөө сыртынан алсыз көрүнгөнү менен күчтүү чыгат. Кимдир бирөөнүкү тескерисинче. Эмоцияга, физикалык денеге жашынып, чыныгы жүзүн көрсөтпөй жашаган бирөө бар ичибизде. Өзөк деп атайм аны. Өзөгү чирик , сасып турган адамдар да кездешет. Сыртынан жалтырап турат көздү уялтып. Өзөгү алтын да адамдарды көрдүм. Бир карап, алтын экенин баамдоого мүмкүн эмес бирок. Аны казыш керек. Таң калганым адам өзүн каза баштаганда өзүңө бейтааныш адам чыга баштаганы кызык экен. Айрым учурда эзели кылбайм дегениңди кыласың, менини колуман келбейт деген нерсе укмуш келе турганын баамдайсың, айтор сени таң калтырган, сен тааныбаган бирөө жашайт ичиңде. Биз аны таанып, тартып сыртка чыгаргандын ордуна бекитип, таптап, тескери карап, көрмөксөн, укмаксан болуп жашайбыз. Сыртыбыз болсо, элдин эрежесине, калктын калыбына кирип, алардын мыйзамы менен жашай берет. Ошондо сыртыбыз менен ичибиз тил табышпай, чокуша кеткенде, бук болуп, ичибизге батпай, туура эмес жасап жаткандай, чайналып — кыйнала берет турбайбызбы! Балким кайра — кайра ички дүйнөң менен гармонияда бол дегени ушул чыгар?! Өзөгүбүз менен таанышып, анын каалоосун угуп, аны менен тил табышып, сүйгөндө гана жашообуз өз ордуна келет чыгар?! Ичимдеги катылуу жаткан Назира, жашоодо эмнени каалайсың? Эмнени сүйөсүң? Сени тыңдоого мезгил келди. Таанышалы!

Назира Айтбекова

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу