Назира Айтбекова: «Жөн эле төшөгүңө киргиси келгендерди чанам…»

— Алып баруучулукка чыгармачылык керекпи же имидж? Сиздин оюңуз…

— Алып баруучу баардык жагынан төп келиши керек, эгер ал теле алып баруучу болсо. Радионун алып баруучусу интеллект жана үн, газетаныкы интеллект, сабаттуулук, сөз байлык.

— «Эгоист» долбоорун алып барып жүрөсүз, суроолор ким тарабынан түзүлөт?

-» Эгоист » долбоорун атайы чакыруу менен алып барып калдым. Долбоор «Салтанат» каналына тиешелүү. Мен жөн гана алып баруучулук милдетти аткарам. Эфирге мага кызыктуу, мага жаккан адамдар гана чакырылат. Мен кызыккан суроолор берилет. 13 жылдан бери эфирден сүйлөгөн сөздөрдү, берген суроолорду өзүм эле түзүп келе жатам. Эки сөздүн башын бириктире албаса, алып баруучу болуп не кереги бар?

— Мүнөзүңүздү жактырбагандар көпбү?

— Мүнөзүм жакпагыдай чатактыгым, долулугум деле жок. Тескерисинче мүнөзүмдү жактыргандар арбын. Элдер менен тил табышканды, бирөөнүн оюу менен эсептешип, сыйлаганды билем. Сени менен иштешүү дайым жеңил дешет кесиптештерим. Анткени жоопкерчиликтүүмүн, пунктуалдуумун. Чектен ашкан эркектерге гана орой болушум мүмкүн.

— Бирөө сиздин жүрөгүңүздү оорутуп, же сиз бирөөнүн жүрөгүн оорутуп көрдүңүз беле?

— Бирөөнүкүн далактаган мүнөзүм менен ойлонбой сүйлөп, оорутуп алышым мүмкүн, бирок атайы ооруткум келбейт. Боорукермин. Дитим барбайт. Өзгөчө эне болгондон кийин баардык адамдарга энелик көз караш менен карап баштайт экенсиң. Бирөө деле көңүлүмдү ооруткан эмес. Оорутса деле кек сактабайм, унутуп калам.

— Нурзат Токтосунова менен бир кезде пикириңиздер келишпей калганын билебиз. Андан бери бир топ убакыт өттү. Азыр мамилеңиздер кандай?

— Мамилебиз жакшы. Саламыбыз түз. Өңгөсүн билбейм бирок мен жактан баары жакшы. Негизи эле сахнада пикир келишпеген кесиптешим деле жок. Баары менен сый мамиледемин. Журналисттер эле ушундай суроо беришип, эл арасына туура эмес пикир жаратканы болбосо, баары жайында. Биз бири- бирибиздин жакшылыгыбызды арттырып, колдоп турушубуз керек.

— Деги сизге жигит жагабы, баарын эле чанып жатат деп угуп калабыз?

— Жигиттер жакпай коймок беле? Жагат да! Эми чанып атканымдын себеби бар да. Үй бүлөлүү болсо, чанасың. Өтө эле жаш болсо, чанасың. Анткени энеси бир эшик түрткөн келинди эмне кылмак эле. Жөн эле төшөгүңө киргиси келгендерди чанасың. Балким, туура адам жолукпай жаткандыр. Балким, уруксат бербей жаткандырмын. Балким жаратым айыга элек. Балким жаңы мамилеге даяр боло электирмин. Балким, көңүлүмө толгон адам чыкпай жаткандыр. Баардык маанидеги күчтүү мырзалар жагат. Коруй билгендер, күйүмдүүлөр, камкорлор, асмандабай, жерде эле басып жүргөндөр жагат.

— Журналист Бахияна менен элдештиңизби?

— Колу менен жасагандарын, моюну менен тартышты. Аларга дооматым дагы, таарынычым дагы жок. Кечиргем. Мен тараптан эч кандай көйгөй жок. Жашоодо мага унутчаактыгым жардам берет. Көп нерсе эсимден чыгып калат ошон үчүн жеңил жашайм. Ошол оор күндөрүмдү унутуп калдым. Негизи эле өткөн чакка байланып жашагандарга кирбейм.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу