Назира Айтбекова: “Жүзүмө күлүп турган бет капты кийем…”

Назира Айтбекова: “Кээде жоопкерчилик артынбаган, ийрелеңдеп жүк көтөрбөгөн, жөнөкөй, алсыз, назик, эрке, бирөөгө башымды жөлөй алган, эртеңки күндүн түйшүгүн ойлонбогон кыз болгум келет. Артымда ата — энем турат, бир туугандарым бар, досторум жардам кылат деп бейкапар жүрүп, өз доорун сүргөн жаштардын катарын толуктабаптырмын. Жардам күтпөптүрмүн, сурабаптырмын. Жалгыз жасап жүрүп, жалгыздык көнүмүш адатка айланыптыр. Жүзүмө күлүп турган бет капты кийем. Колум жооруп, чыпылдап чекеден тер чыккыча турмуштун арабасын тырталактап сүйрөйм. Тиштерим тиштериме бүлөнүп, кабыргам майышып турса да күлүп турган бет кабым кийилүү. Алсыздыгымды, бир буурчак жашымды бирөө жарым көрүп калса, өлбөгөн төрт шыйрагым калчудай ыңгайсызмын. Кол кабыш кылып, оорумду колдон алганга таң калып, тарс жыгылам. Одоно, көзүмө жылуу учурабаган көрүнүш. Көнгөн эмесмин көмөгүңөргө. Жат көрүнүш…бирок ошол жат көрүнүштүн мынчалык жагымдуу экенин билбептирмин… “

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу