НАЗИРА АЙТБЕКОВА: «Жашагым келбей жарым жылча соолуп жаттым»

Жакында Назиранын жаңы фотосессиясы интернет барактарында жарыяланып, эл арасында чоң талкууга жем таштады. Ага улай эле жолдошу экөө эки башка жолго түшкөндөрүн ачыктап, учурда Назира тууралуу жаңылыктар элдин кызыгуусунда турган учур. Алып баруучуну маекке чакырып, кызыккан суроолорубузду берип өттүк, Назира баягыдай эле шатыра-шатман баарлашып кетти.

– Назира, социалдык тармактардагы сүрөтүң алигече талкууланып бүтө элек, элдердин ой-пикирлери сага кандай таасир калтырып жатат?

– Мен жашоого башкача көз карашта караган кызмын, андыктан мага сонун таасир калтырып жатат. Терс ой-пикирлерди окуп алып чөкпөйм. Сүрөтүм интернетте мен күтпөгөндөй резонанс жаратты. Эки-үч күндүн ичинде менин баракчаларыма абдан көп адамдар катталды. Жылуу маанайдагы каттардын дагы деле аягы суюла элек. Ошол эле учурда «ой, шерменде, бузулуп кеткен турбайбы» дегендер да бар. Мен көйнөкчөн сүрөткө түшүп койсом, ал бузулуп кетти дегенге жатпайт да. Апам ошол учурда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн, интернет жок кулак мээси тынч жүрүптүр да. Мен барсам: «Фотосессияң кандай болуптур?» — деп сурап калды. Көптөн бери фотосессия жасай элек болчумун, андыктан апам аябай күтүп жаткан эле. Көрсөтсөм апама абдан жакты. Ал эми интернеттеги ызы-чууну көрсөтүп койсом, мени жамандап жазгандарды: «Элдин баары көлдүн жээгинде жылаңачтанып эле жүрүшөт го, менин кызым көйнөкчөн түшсө ошону көрө алышпайбы же булар эмчек эмбептирби?» — деп өзүнчө урушту. Апамдын мындай колдоосу мага күч-кубат берди.

– Жолдошуң менен эки айрылыш жолго түшкөнүңдү коомчулукка ачык айтууга да ушул сүрөт себеп болдубу?

– Ооба. Менин жеке турмушум менен кимдин кандай иши бар деп мурда бул тууралуу маалыматты сыртка чыгарбай келгенбиз. Анан сүрөт чыккандан кийин жолдошумдун дарегине ар кандай сөздөр айтыла баштады. Мен ага, кайын журтума сөз тийишин каалаган жокмун. Ошондуктан экөөбүз кеңешип ачыкка чыгарып коюуну чечтик.

– Негизи ажырашууңар кандайча болуп кетти? Силерди бактылуу түгөйлөрдүн бири катары билчү элек.

– Биз 2016-жылдын май айларында эки башка жолго түшкөнбүз. Мындай сунуш жолдошум тарабынан түшкөн. Экөөбүз тогуз жыл болуп көрбөгөндөй бактылуу жашадык. Бири-бирибизди катуу сүйдүк, эрди-катын кырылышат го, бизде андай такыр болгон жок. Бизге экөөбүз эле болсок болду, башка эч нерсенин кереги жок эле. Кечке эч жакка чыкпайбыз, мен бардык чакырылган салтанаттардан баш тартып коюп эле, күйөөм менен үйдө болушум керек болчу. Ал дагы мендей эле. Ушундай бактылуу күндөрдүн биринде жолдошум: «Мый-мый (мени ошентип эркелетчү), келчи сүйлөшөлү. Эсиңдеби, биз баш кошордо укмуштуудай чоң максаттарыбыз бар эле. Бири-бирибиздин максаттарыбызды жакшы түшүнчүбүз. Мен сенин талантың өнүкпөй, дүйнөлүк деңгээлге чыкпай калсаң, өзүмдү күнөөлүү сезем. Менин да максаттарым чоң, укмуштуудай бийик деңгээлдерге чыккым келип атат. Экөөбүз бири-бирибизди тиктешип отура берсек максаттарыбызга жетпей калчудайбыз. Бөлүнүп жашайлы да, элге кызматыбызды кылалы»,- деди. Анын сунушун угуп шок абалында калдым. Мага жолдошум менен балам бир тең, калган дүйнө бир тең болчу. Эртең менен турганда экөөнү алмак-салмак өөп, Кудайга рахматымды айтып, жатарда да алардын бар экенине кубанып жатчумун. Андыктан жолдошумдан айрылуу мага абдан оор сезилди, бир жыл ойлонолу дегеним менен мен да анын максаттарына жолтоо болгум келген жок.

– Максаттарга жетүү үчүн сөзсүз түрдө эле ажырашуу кажет эмес го, чогуу жашап деле элге кызмат кыла берсеңер болбойт беле?

– Башкаларды билбейм, бизде андай болбойт экен. Экөөбүз башка нерсеге карабай эле, бири-бирибиздин жаныбыздан чыккыбыз келбей олтура берет экенбиз. Ошондуктан бул чечим туура болду, чыныгы сүйүү ушундай болот. Бирок, албетте, ажырашуу мага деле жеңил болгон жок. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, ичим ачышып атып араң коё бердим. Өзүмчө бөлүнгөндөн кийин жашагым келбей жарым жылча жөн эле соолуп жаттым. «Искенсиз кантип жашайм?» деп ойлочумун да, ал менин дем алган абам, ичер суум болчу. Бирок өзү ушундай чечим кабыл алган соң кармап калууга да мүмкүн эмес эле. Ал келген сайын менин эч нерсеге көңүлүм жок жатканымды көрүп: «Мен сени өссүн деп коё бердим, жөн эле жатып аласыңбы? Тур, минтип жатсаң эрге тийбей каласың, сен мындан да бактылуу болушуң керек. Карьераңды жаса, өс», — деп урушчу. Аны көргөн жерден бырылдап ыйлап жатып, эми көнүп кеттим. Ыйлай берип бир күнү карасам апам менен балам да соолуп калышыптыр. Мен алардын соолушун каалаган жокмун. Мен күлүп калсам, алар да күлүп өңдөрүнө чыгып калышат. Ошондуктан азыр менин бир канатым апам, бир канатым уулум болуп, учканга даяр болуп атам.

– Ортодо бала бар, мүмкүн кайра ойлоносуңар?

– Бир дарыяга экинчи ирет кирүүгө мүмкүн эмес. Же чыны сындыбы, аны канчалык аракет кылбагын бүтөй албайсың, жаракасы калып калат. Эгерде бул суроону мага 2-3 ай мурун берсеңер «Искенди күтөм» деген жооп укмак болсоңор керек эле… Азыр көңүлүм сууп калды. Ал бошонгусу келип жатса, зордоп кишенге сала албайсың да, анда сүйүү болбой калат.

– Балаңар 7 жашка чыкканда эки айрылыш жолго түштүңөр, кийинки балдарыңарды эмнеге пландабай жүрдүңөр эле?

– Албетте, биздин да балалуу болгубуз келген. Менин катар-катар төрөгүм келди. Балким дагы төрөп алсам жолубуз башкача болмоктур… Мен «тамаша тор» окуясында катуу коркуп, ден соолугумду жабыркатып алгам. Астма оорум кармаганда талма болуп, дем албай көгөрүп жатып калганда гормоналдык дары сайып жатышып, ошондон улам ден соолугум жабыркаган. Ай сайын гинекологдон чыкчу эмесмин, канча жолу дарыланып, көп аракет жасадык, тилекке каршы, балалуу боло албадык. Кудайга шүгүр, бир уулум бар. Баламдын атасы экөөбүз дос болуп баш кошконбуз, дос болуп ажыраштык. Азыр сый мамиледебиз, балам атасына каалагандай барып-келип жүрө берет. Ата мээриминен өксүп калган жок. Мурункудай үчөөбүз киного, кафеге барып турабыз. Бир нерсе болсо дароо Искенге кеңешем. Эки кайын эжем бар эле, алар эң жакын курбум жана сырдашым боюнча калышты.

– Бул нерсени апаң да оор кабыл алса керек?

– Чынында апама да оор тийди. Өзү турмуштан ажырап, андан кийин такыр турмуш курбаган аял жалгыздыктын канчалык жагымсыз экенин билет да. Андыктан кызынын тагдыры да ошондой болуп калганына капа болуп, апам да аябай ыйлады. Бирок Жараткан бир нерсе берсе, аны жакшылыкка деп жоруйм. Балким, артында жакшылык бар. Кудайым жеңилинен да берди деп ойлойм, анын караанын көрүп, аны менен сүйлөшүп, үнүн уга алам. Баламдын атасы бар, эркелей алат. Бизди оор тагдыр ажыратып койсо эмне болот эле.

– Мурда тамашалап «кыздар, тың балдарга мендей болуп өзүңөр аракет кылып тийип алгыла» деп калчу элең, үйлөнгөнүңөрдө биринчи кадам сен тараптан болгонбу?

– Ооба, Искенди мен биринчи көрүп жактырып, шилекейим куюлуп калган. Ал мени карындашы катары гана көрчү. Ошондо «карап тур, мен чоңойгондо сени сүйдүрүп алам» дечүмүн. Кийин ал Москвага окуганга кетти, мен «Хит Парад» берүүсүндө иштеп калдым. Стилдер оңолду, айылдык кыз теледен чыгып белгилүү кызга айланды. Албетте, эркек баары бир көзү менен сүйөт да, ошондо Искен мага көңүлүн бөлдү. Мурда жан дүйнөмдү жакшы көрчү, кийин сырткы келбет кошулганда сүйүүгө айланып кетти. Ал дароо эле сүйүүсүн билдирди, мен ойлонбой туруп макул болдум. Искен ал кезде жаңыдан окуусун бүтүп келип, жумуш таба элек бала болчу. Биз ошондо шашып үйлөнүп алдык окшойт, мен азыр ошондо шашпай турсак кандай болмок деп ойлоп калам. Искен да: «Экөөбүз эрте үйлөнүп алдык окшойт», — деп көп айтар эле. Биз тогуз жылыбызды жөн эле өткөрүп жибердик, мен Искендин карьерасын токтотуп алдым окшойт. Мен мээримге суусаган адаммын, мени өөп-жыттап, эркелетип эле туруш керек. Ошентип Искен мага алаксып калды. Атасыз өскөн кыздар атанын мээриме суусап турат да, түбү жок кудуктай болуп аны эч нерсе толтура албайт. Мен 9 жашка чыкканда ата-энем эки башка жолго кеткен. Ата ордуна таятама, таякелериме эркелеп чоңойдум. Кийин ал жетишсиздикти Искен толуктап турганга аракет кылды. Азыр болсо апам менен балама эркелейм.

– Баса, атаңды кандайча издеп калдың?

– Ал учурда жолдошума таарынып жүргөм. Баарына таарына берип тажап кеттимби же кечирим менен жаңы жашоо баштагым келдиби, айтор, 2017-жылдын башында туугандардан атамдын телефонун таап: «Мен кызыңмын, 22 жыл күтсөм келбедиң. Ата, мен сени кечирдим, сага таарына берип чарчап кеттим»,- деп чалдым. Атам таң калды. «Ии, кызым, кыш бүтсүн, күн жылысын, жазында келем», — деген болчу. Кыш бүттү, жаз келди, жаз бүтүп жай келди, келген жок. Атам Түп районунда жашайт, үй-бүлөсү бар. Башкысы атама кечирим бердим, башка нерсе күтпөйм. Ал мага чоочун киши болуп калган.

– Азыр эмне менен алексиң, сени концерт, тойлордон деле көрбөйбүз?

– Концерт, тойдо жүргөнчө күйөөм менен баламдын жанында уктайм деп баш тартчумун. Күйөөм багат дечүмүн. Балким, “мен деле жүгүрүп иштесем, күйөөм жанымда калмакпы?” деп да ойлоп коём. Азыр эми кыбыраш керек. Долбоорлор башталып атат. Мурда Түркиядан кайра-кайра чакырышса, үй-бүлөм деп барбай койгом. Балам болсо апам менен, экөө бири-бирисиз жашай алышпайт. Мен эми эркинмин, каалаган жагыма кетип калам.

Динара ЧОКОЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу