Назира Айтбекова: Жатаарга келгенде сыйчыл, иши бүткөн соң, ары жат деген неме…

Эркектердин түрлөрү. Чычалап, сальто жасап, шпагатка отуруп, мени мүлжүп, чучугумду соруп жеп ийбей эле окуп койгула. Нервиңерге чың ден соолук!

1. Сылаң короз эркек

Аялы мындайдын жакшы болот адатта. Укмуш сүйөт, чарк айланат, кыл жугузбайт өзүнө! Тамактын таттуусун тандайт, кыздын жыттуусун сүйөт. Аялы өмүр бою ага кызмат кылып, өзүн сүйбөй, өзүн сүйгөн эринин алдында күң болуп жүрүп, бат карып кетет. Жибекти тута албай жүн кылгандар ушулар. Лампочканы жада калса аялына буратат.

2. Жароокер эркек

Аялын сыйлап, боор тартып турат. Аяйт. Көзүнүн кирпигинен эле баарын баамдап турат. Сөз тийип калбасын дейт. Өзүн да өзгөнү да караганды, сүйгөндү билет. Адатта романтик келишет. Жан дүйнөсү назик немелер. Бирди эле сүйшөт (однолюб) . Страдать эткен жагат. Бирок аялдар мындайды көп чанат.

3. Катынпоз эркек

Аңдыганы аялдын этеги. Чачы кыска, узуну, арыгы да — торугу, жапалдашы — бойлуусу, сары чийкил — карасы, жарасы бар, тазасы, кыскасы, уруп ойнобойт, аял деген аты болсун, анан «берсин» дегендер болот. Жоопкерчилик нөл. Жатаарга келгенде сыйчыл. Иши бүткөн соң, «ары жат» деген неме. Ою — бою баары «ошол» тууралуу.

4. Подкаблучник эркек

Аялын сүйүмүш этет. Анткени коркот. Бирок «на лево » көп барат. «Закрытый плод сладок» анткени! Мындайлардын аялы «Башкарма аял » болот. Аялынын көлөкөсүндө, этегини алдында жан багат. Бир сөзүн эки кылбайт. Альфонс келет көбүнчө. Өз тууган — урук, ата — энесин, дос — катташты алысыраак тутат. Анткени алардын ордун ээлеген аялы бар.

5. Сараң эркек.

Өлааа, сыгып туруп, сорсоң да кан чыкпайт. Ичинен таруу айланбаган тар немелер. Өңгөгө түгүл өзүнөн аяйт. Жоктон башканы сүйлөбөйт. Кызганчаак да болот.

6. Барбактаган эркек

Жоомарт келишет. Колу да, жолу да ачыктар. Бир нерсе тийсе эле баарын чачкысы, бергиси, бөлүшкүсү келет. Ак көңүл.

7. Кызыл камчы эркек

Үйдө баатыр, жоодо жок болушат булар. Комплекси барлар. Өзүн толук кандуу сезе албагандар. Аялын, балдарын сабаганда гана өзүн күчтүү сезет. Башкага күчү жетпейт.

8. Эркек сымал «эркектер»

Толук кандуу эркектерге жатпайт. Физикалык жактан эркек эле бирок….ушакташкан аябай жагат. Ким кайда эмне болгонун баарын билет. Коен жатагына чейин аларга белгилүү. Жөргөмүштүн жөтөлгөнүн тыңдап турат. Чычканга кебек алдырбайт. Жан дүйнөсү кир. Былжырап, сасып турат (өзү эле эмес, сөзү, иши.). Фейбук, инстаграмдан эле акылдуу! Комментарийди амий да жазат! Алардын жанында аялдар аксап калат.

9. Чоң муштум эркек

Эркектер да! Майда- барат, ызы -чуу менен иши жок. Жинге тийсең, тумшугуңду талкалай коет. Эчтекеден коркпойт. Романтиканын «Р» сын алып, чайнап — жутуп койгондор. Сүйүп калса, айланып — тегеренбей этпей эле, түз эле чекеге айтып, алгысы келсе, жүктөп барып, алып алат. Оозунан сөз чыкса, аткарат. Эркекче эркектер да! Анча-мынча тентек келишет. Тапанчаны жакшы көрүшөт. Аялдарга бирок аябай жагат.

10. «Подружки» эркектер

Аялдардын эң жакын курбусу! Кандай косметика колдонуп, кантип кийинип, эркектерге кантип жагышты алардан үйрөнүү кажет! Сырдашсаң да болот. Алардын көзүнчө кийинип — чечинсең, энеден туума ары бери кенен бассаң да болот. Анткени эчтеке болбойт!

11. Жан бакты эркек

Бала жасаган жактан эле алдыда! Сыналгы эң жакын курбусу, пультту аялынан артык сүйөт, кучактап жатат. Аялдары көбүнчө Россияда иштешет. Жанын балекеттей багат. Башканы багаарда шылтоосу көп. Жалкоо немелер.

Назира Айтбекова

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу