Назира Айтбекова: «Балдарын «колуңан бок келбейт»- деп тарбиялагандай, өлкөбүздү да ошентип сындырып койсок керек!»

Көпчүлүк учурда өзүнүн жеке оюу менен өздүк баракчасына бөлүшүп,  көптөгөн көйгөйлүү  маселелерди  коомчулукка жазып чыккан  алып баруучу Назира Айтбекова бул ирет төмөнкү билдирүүнү жазып калтырды: 

«Мыйзам иштебейт, мыйзам жок деп үнүбүз бүткүчө кыйкырабыз го. Мыйзам ишке кирсе деле мыйзамды жактырбай, кыйкым издеп кыйкыра беребиз. Ажобуз жакпайт. Депутаты, министири, кызматкерлери, ырчылары — чоорчулары, өлкөбүз, бири- бирибиз, айтор баары жакпайт. Түмөндүү түйшүк түрө карасаң.

Баягы «Элдин балдарын карачы» деген ата — энедей. Балдарын «колуңан бок келбейт»- деп көзгө — башка уруп атып, жүдөгөн, жашоого сынган, өзүнө ишенбеген баланы тарбиялагандай, бири- бирибизди, өлкөбүздү да ошентип сындырып койсок керек! Баланчанын балекет баласын жек көргөндөй, болгон коңшу өлкөлөр желмогуз көрүнөт көзгө! Ар бирибиздин ичибизде гармония жок. Ар бирибиздин жан дүйнөбүз жаңырып турат боштуктан. Сөксөң, сени сөккөн жаңырык…Толтуруш үчүн дин- динге, секталарга кирип алган андан көп. Айтор илинчек издейбиз. Чыркырайбыз. Чырмаланган чыр дүйнөдөн чыгыш үчүн.

Саздабыз биз. Сазайыбыз окулуп, санаабыз саман болуп чачылган кез. Буюктук биз, буулуктук. Көнгөн адат, сиңген калып бура бастырбай туру. Төңкөрүш керек! Жаз менен бирге, жер менен бирге ойгонуп! Өлкөгө, саясатка эмес! Жапа чеккен, жалгыз калган, жарды калган, жыртыгы көп жан дүйнөгө!»-дейт алып баруучу.

БУЛАК:../

Аргумент.kg
Жооп калтыруу