Назира АЙТБЕКОВА: «Аял киши эркекке эч качан ишенбеш керек экен…»

Жүргөн жүрүшү дайыма шаңдуу, ачык айрым. Кандай учур болбосун башын жерге салбай бийик көтөрүп, жанындагы адамдарга да күн сыяктуу жарыктык, жылуулук берип турууга аракет кылган алып баруучу Назира Айтбекова менен кайрадан баарлаштык. Назира бизге жашоосундагы өкүнүч, катасы, ызасы, кубанычы, ошол эле учурда кыйынчылыктарды кантип жеңгени тууралуу кеп салып берди.

– Назира, телеканалдарда алып баруучу катары көрүнбөй калдың, азыркы учурда эмне менен алексиң?

– Азырынча теле жаатында иштебей элемин. Аксана Рыскулова экөөбүз дуэт болуп аялдарга арналган «Мен ханышамын» деген тренингдерди өткөрүп атабыз. Кыргызда менталитеттенби, айтор, аялдар биз өзүбүздү экинчи орунга коюп, алсызбыз деп ойлойбуз. Чынында кыргыздын аялдары — уникалдуу, универсалдуу, баарына жетишкен күчтүү аялдарбыз. Башка өлкөлөрдө аялдар өзүн алсыз сезип эркекке таянышат. Биз андай кыла албайбыз, эшикте эркек, үйдө аялдын кызматын кылабыз. Аялдардын ошол күчтүүлүгүн эске салып, аларга рух, дух берип башкача тренингдерди кылып атабыз. Аларга тренингдерибиз жагып: «Көзүбүз ачылды, жашоого башкача көз карашта болуп калдык», — деп ыйлагандар болуп атат. Менин турмушумдагы акыркы окуялардан кийин: «Кантип бат эле өзүңүзгө келип алдыңыз, бизге да кеңеш бериңизчи?» — дегендер арбын. Андан улам биздин аялдарга моралдык жактан колдоо жетишпей атканын байкап, кеп-кеңеш берип атам. Адам күчтөнүп алгандан кийин башкаларга да күч бергиң келет экен, бул нерсе өзүмө да жакты. Аксана айым эл аралык мыкты адистердин сабактарына барып, бир топ каражатын салып билим алган. Мен болсо ушул жашка келгенче эле башымдан бир топ нерсе өтүптүр, андан улам ар бир кырдаалга чыдаганга, жыгылсам кайра турганга үйрөнүптүрмүн, ошол тажрыйбаларым менен бөлүшүп атам.

– Мындан аз убакыт мурун экөөбүз маек курганда жолдошуң экөөңөр бийиктикке жетүү үчүн бири-бириңерге жол ачканыңарды айттың эле. Бирок андай болбой калды окшойт, дегеним жолдошуң үйлөнүп алды.

– Мен да ошентип ойлогом. Ага ишенип, карьера жасоосуна тоскоол болбоюн дегем. Мен ага 100 пайыз ишенет элем, ал менин Кудайым болчу, караанына сыйынат элем. Үйлөнөт деген такыр оюмда жок эле. Ал мага: «Үйлөнсөм 4-5 жылдан кийин үйлөнөм же такыр үйлөнбөй эле карьера жасайм», — дечү. Мен маңыроо жаным ишенип бул өсчү адам, бийиктиктерге жетиши керек, мен чын эле оорчулук келтирип атат окшойм деп четтеп коё бергем. Андыктан үйлөнгөнүн укканда абдан шок болдум. Эки кайнежем менен ынтымактуумун, үчөөбүздүн WhatsAppта «Эже-сиңдилер» деген тобубуз бар. Күн сайын бири-бирибизге кылган иштерибизди айтып отчёт берип турабыз. Ошол эжелерим аркылуу кыз узатуу тою болуп жатканы мага жетип калды.

– Эртеби-кечпи баары бир үйлөнөт болчу да, сен мындай кабарды азыр угууга даяр белең?

– Укканда башыма чапкандай кеңгиреп эмне кыларымды билбей туруп калдым. Абдан жүрөгүм ооруду. Өзүмө келип анан: «Үйлөнүп жатыптырсың, бактылуу бол», — деп СМС билдирүү жазып жибердим. Мен ага абдан ишенип, мени эле сүйөт деп жүрчүмүн. Негизи аял киши эркекке эч качан ишенбеш керек экен жана күйөөсүнөн катып, өз алдынча банктык эсеп ачып, акча салып турушу керек экен деп калдым. Болбосо көчөдө калып калат экенсиң. Менин катам күйөөгө тийгенден кийин өзүмдү ушунчалык коё берип коюптурмун. Мен өзүмдү алсыз, назик, чыныгы аял сезгим келген. Мага кандай үйдө жашап атам, чөнтөгүмдө акчам барбы, ачка калдымбы же жыртык байпак кийип жүрөмбү баары бир тең болчу. Күйөөмө: «Үңкүрдө жашасам да сен жанымда болсоң болду», — дечүмүн. Акчабыз болсо ар жакка барып эс алып жыргайт элек. Жашоомдо акча эч кандай мааниге ээ эмес эле. Ажырашкандан кийин бир тыйын акчам жок калганда акчанын баркын биле баштадым. Жашоомду кайра нөлдөн баштаганга туура келди.

– Өзүңөрдүн үйүңөр бар беле?

– Үйүбүз жок болчу, батирде турчубуз. Кийин кайнежемдин үйүндө жашадык, мен ошол жактан батирге чыгып кеттим. Анан батирдин азабын тарттым. Батир издегенде да шаардын борборунан, баламдын мектебине жакын, ичинде бардык шарты барын издейм. Андай батир 350 доллардан кем эмес. Негизи биздин Байтик айылында эки чоң жер тилкебиз жана унааларыбыз бар эле. Мен акча тапсам жолдошума берип коюп, ал акчаны эмне кылып, кайда коротуп атат ишим жок эле жүрө берчүмүн. Бул дагы менин бир катачылыгым болуптур. Өткөндө батирдин ээси: «Чыккыла», — деп калды. Эшик абдан суук, эртең чыгып кетишим керек эле же батир табылбайт. Ошол учурда күйөөм укмуштуудай үйлөнүү той өткөрүп жатканын угуп калдым. Ичим күйгөнүн айтпа, ээн жерге барып автоунаамда олтуруп алып өңгүрөп бир ыйладым дейсиң… Бир топ убакыт ыйлап бугумду чыгарып, анан ар бир катамды эстеп өзүмдү-өзүм: «Сага чала болот, ушул күндү көрмөксүң», — деп аябай тилдедим. Тогуз жылды оңой эле чийип коюш мүмкүн эмес да, ага болгон сүйүүм, кызганычым, санааркоом бар эле, ошол нерселер тарс үзүлдү. «Эмнеге ал адамга ыйлашым керек?» — дедим, керек болсо ал адамды жек көргүм да келген жок, анткени ошол нерсеге татыйбы деген суроо туруп калды. Анан: «Азамат Назира, ушундай адамдын жаманын жашырып, жакшысын арттырып жүрүптүрсүң, тогуз жылда аны жакшы пиар кылып вазыйпаңды сонун аткарыптырсың, болду токтот, кайсы арыңа бырылдап атасың?» — деп ойгондум. Ошондо менин ишенчү кишим жок экенин, бул жашоодо өзүмө гана ишенишим керектигин түшүндүм. Өзүмө күч, кайрат берип, эки айда ушундай өзгөрдүм. Ишенесиңби жашоомо ушундай тынчтык келди. Күйөөмдү тогуз жыл жүрөгүм ушунчалык тынбай сүйүптүр, азыр эч кимди сүйбөй, ойлобой, өзүмдү гана сүйүп, баалап, өзүм үчүн жашап калдым.

– «Эки жер тилкебиз бар болчу», — деп атпайсыңбы, аны экиге бөлдүңөрбү?

– Ооба, жер тилке, автоунааларыбыз экиге бөлүндү. Мага бир жер тилкебиз калды. Аны сатып батир алып алсам деле болмок, бирок эртең балам чоңоюп үй салса, бала-бакыралуу болуп, чоң бүлө күтүп жашайлы деп саткым келген жок. Ал абдан сонун жерде, сатып алып атканда ушундай сүйүү, кыялдануу менен, баладай кубанып: «Ушул жакка чоң үй салып, көп балалуу болуп бапырап, өсүп өнүгөлү», -деп алгам. Ошол кездерди эстеп алып да ыйладым.

– Демек, бутуң-бутуңа тийбей иштеп атыптырсың да?

– Ооба, апам да мугалим болуп иштейт. Экөөбүз эки жактан иштеп жатабыз. Чынында кичине кезимден акчага болгон сүйүүм жок, көкүрөгүм ток өскөн бала элем. Көңүлүмө жаккан нерсе болсо бекер деле тартылып коюп жүрө берчүмүн. Же болбосо иштеп-иштеп туруп, акчасын сурагандан уялчумун. Азыр каалаймынбы, каалабаймынбы акчаны сүйгөнгө туура келип атат. Иш сунуштаган адамга: «Акчасы канча болот, ошого жараша сүйлөшөлү», — дейм уялбай эле.

– Сенин айткандарыңа караганда балаңдын акылы тетик. Ал атасынын турмуш курганын кандай кабыл алды?

– Башында: «Атаң иштеп атат, биз өзүбүз жашап туралы», — деп жашырып жүрчүмүн. Балам да: «Атам бизге үй алыш үчүн иштеп атат», — деп коюп жүрчү. Аягында балага калп айта бериш мага абдан оор болду да, маңдайыма олтургузуп алып: «Балам, атаң үйлөндү», — десем, «эмнеге?» — дейт. «Жашоодо эч бир адам жалгыз калбашы керек, атаңдын бактылуу болушун каалайсыңбы?» — десем, «ооба», — дейт. Айтор, баарын түшүндүрсөм түшүндү.

– Балаңдын атасынын Интаграмдагы баракчасын карап каласыңбы, жубайы менен сүрөттөрүн көрүү оор болсо керек ээ?

– Башында карай берип жүрөгүм кадимкидей ооруп, өзүмө-өзүм миң жолу көр казып көмүп кыйнала берчүмүн. Эркек деген анын жүрөгү оорубасын деп ойлобойт экен. Ал сүйүү-күйүүсүн чыгарып атканда мен үчүн оор болду. Анан баарын кара тизмеге киргизип, менин жашоомдо баламдын атасы катары калсын деген чечимге келдим. Аны менен жолугуп: «Мен сени кечирдим, өзүмдүн каталарымды түшүндүм. Аял болот десе эле эркелеп жатып алыптырмын, мен эркек акча табыш керек, аял жөн эле жатыш керек деп ойлоптурмун. Сага оорчулук келтирген болсом кечир, мен сени коё бердим», — дедим. Анан машинада келатып болгон күчүм менен кыйкырып, музыканы катуу коюп каткырып, ушундай оор жүктү ага бергендей жыргап калдым. Ошондон бери жашагым келип, күн сайын эртең менен турганда жаңы төрөлгөн баладай болуп өзгөчө сезимде болуп жүрөм.

– Сен да түгөйүңдү табышың керек дегендей, эркектерден көңүл калуу болгон жокпу?

– Аял деген бирөөгө таянып, жөлөнгүсү келет экен. Үйүңдө бычагың мокоп же автоунааң бузулуп калса орду билинет. Бирок анын баарын өзүң жасап көнүп алгандан кийин эркекке болгон муктаждыгың жоюлуп калат экен. Акыркы күндөрү эркиндик мага ушунчалык жагып атат. Досторум көбөйдү, дос күттүм. Мурда жолдошумдан жазганып дос деле күтпөптүрмүн, үй-бүлөм менен болом дей берчүмүн. Туугандарым менен да катышпай жалгыз калып калыптырмын. Азыр жашоомон бир маанилүү киши чыкканы менен ордуна көп киши кирди. Албетте, мен да турмуш курушум керек деп ойлоном. Бирок “чыгармачылыгымды түшүнгөн айкөл эркек чыгабы? Ал балама кандай мамиле кылат, өгөйлүк кылбайбы?” деген көп ойлор келет. Андыктан азырынча күйөө тууралуу ой жок, карьеранын үстүнөн иштеп атам. Азыр укмуш куюлуп сөздөр келип атат, бир нерсе жазып эле атам, илхам кыйналганда келет экен.

– Эгерде турмушка чыксаң, кандай адамга чыкмаксың?

– Учурунда жолдошум жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүп келген, иш таба элек жигит болчу. Менин тегерегимде акчалуулар турса, алар мени акчага сатып алгысы келип атат деп намыстанып жек көрчүмүн. Биз күйөөм экөөбүз баарын нөлдөн баштайбыз деп, жүрөгүмдөгү сүйүүгө карап тийгем. Тишимдин кирин сорсом да сүйүүм бар болчу. Азыр сөзсүз түрдө мырзалардын материалдык жагына карап калдым. Ал мени материалдык жактан камсыз кылышы керек. Менден жактыруу, андан сүйүү болсун. Анан акылдуусун эмес, акылманын издеп калдым. Сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөткөн адам керек, сөзгө абдан тойдум, кылгырып калдым. Мырзалар мага сөз менен айтпай, иш менен көрсөтүшү керек.

– Балаңа атасынан алимент аласыңбы?

– Алимент албайм. Балам жеке менчик мектепке барат. Атасы мектепке ай сайын 7 миң сомдон төлөп турат. Ошого абдан ыраазычылык билдиребиз.

– Атасынын үйүнө барып турабы?

– Атасы үйүнө алып барып, аялы менен тааныштырам деп атат. Бирок мен анын аялы тууралуу билбегендигимден, ага баламды бериш кыйын болуп атат. Атасына сөз жок ишенем, ал эми аялы бөтөн аял. Ал балама кандай мамиле кылат билбейм да. Андыктан: «Аялың тууралуу өзүң да жакшылап бил, биз да даярданалы, жарым жыл убакыт бер», — дегем.

– Апаң менен чогуу турат экенсиң, мурда апаң ким менен турчу эле?

– Апама таятам шаардын четинен үй алып берген, апам ошол жакта турчу. Азыр деле биз ошол жакта жашасак болмок, ээн турат. Бирок ал жак өтө алыс жана ичинде бардык шарты жок, жер үй. Мага балам жылуу үйдө майкачан чуркап жүргөнү ырахат тартуулайт.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу