Назира Айтбекова: “Ашата сөктүм. Кубаладым, оройлугумду көрсөттүм…”

 Акыркы убактарда социалдык баракчаларыңа эркектердин дарегине көп сындарды жаза баштадың. Натыйжада сага да орой сын айткандар бар. Орой сөздөр көңүлүңдү оорутпайбы?

— Сындарды чындык чыркыратып, сай-сөөгүнө жеткирип жибергенде чыдабай чычалап, көтөрө албай калгандар жазып жатат. Алардын намысына тийгени жакшы го дейм. Көп эркектер андан кийин кечирим сурашып, бул темада тереңирээк ойлондук дегендер бар. Демек, пайдасы болуп жатканы кубантууда. Сынга караганда жакшы пикирди көбүрөөк угуп жатам. Айымдар анан чыныгы мырзалар ыраазы. Ар бир статусума ЗООдөн 2000 миңге чейин пикир жазылат. Арасынан далай ыйларды, далай көз жаштарды окусаңыздар болот. Оюмдан чыгарган жомок жок. Чыркырап жаткан чындык бар.

 Жолдошу менен ажырашкандан кийин жолдошуна болгон жек көрүүсүн бизден чыгарып жатат дегендерге кандай карайсың? Чын эле эркектерге болгон ишеним жоголуп, көңүл калуу пайда болдубу?

— Жаңы ажырашканда эркектерге «аллергиям» бар болчу. Жек көрүп, кускум келип, көргүм келбей калган. Убакыттын өтүшү менен баары өтүп кетти. Кечирдим. Кое бердим. Жеңилдеп калдым. Жазгандарым эримден ачуумду чыгаруу эмес. Айланага көз чаптырсам кыйналгандар , эки эсе сынгандар куурагандар көп экен. Аларга салыштырмалуу жарам жеңил эле экен. Мага жазылган эже-сиңдилеримдин, коңшу, тааныш, дос-туугандын көз жаштарын бириктирип анализ кылып, калемиме сыйдырып көп нерсе жаздым.

 Жолдошу менен ажырашкан аялдардын көпчүлүгү депрессияга туш болушат экен. Элге болгонун төгүп салуу менен депрессиядан чыкса болот бекен?

— Чындыкты тайсалдабай тиктей билүү керек. Жараны ооруйт деп жашырып жүрө берсең ириңдеп кетет. Коркпош керек. Кандай гана көйгөй болбосун бетме-бет кел! Моюнга алчусу бар, кечирчүсү бар. Өзгөнү эле эмес, өзүңдү дагы. Ошону менен бардык нерсени жеңсе болот.

 Аял сүйүүсүз деле бактылуу боло аларына ишенсиңби?

— Аял күйөөгө тийүү менен эле бактылуу болбойт. Жалгыз да бактылуу болууга мүмкүн. Бирок сүйүшүң керек. Өзүңдү алгач сүйүшүң керек. Анан айлананы, дүйнөнү, жашоону сүйөсүң. Жалгыз бой десе боору оорушуп, капаланба, кайгырба, сен да табасың түгөйүңдү дешсе таң калам. Эмнеге жалгыздыкта бакыт табууга мүмкүн болбосун? Бактылуу болуунун көп жолу бар. Апаңдын тамагын жегенде, караанын көргөндө, балаңдын үнүн угуп, жытын «жыттаганда, күндүн көзү, жашоонун өзү бактылуу кылат. Сөзсүз эле бирөөгө жармашып жашаш керек эмес.

 Ажырашкан аялдарга сөз айткандар, көз арткандар көп болсо керек, мындай керүнүштөр сени иренжиткен жокпу?

— Башында иренжиткен. Жек көргөм андайларды. Ашата сөктүм. Кубаладым, оройлугумду көрсөттүм, Азыр андайлар мага сүйлөгөндөн жазганышат. Жазганышсын. Эри жок айымдардын баарынын эле эркектен көзү өтпөөрүн, акчасын көрсө эле ээрчип кетпээрин билишсин!

Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу