Назира Айтбекова: «Атасы миң жаман болсо да бала атасын таап алат…»

Назира Айтбекова өзүнүн интернет баракчаларынан коомдун маанилүү делген темаларынын тегерегинде өз пикирин жазып, эл арасында талкууну жаратып келет. Бул жолу Айтбекова аялдардын ажырашуудан кийинкиси жана балдардын атасы менен болгон мамилеси тууралуу:

«Атасынын миң жаман экенин көрүп турса дагы баланын атасына болгон сүйүүсү өзгөрбөйт! Ата — эненин каалайсыңбы, каалабайсыңбы каны сенде кайнап турат. Алардын бир бөлүгүсүң! Ажырым жолго түшкөндө атасына дагы энесине дагы бирдей мамиле жасайт бала. Экөөнүн бирөөсү алыста болсо, сагынат, куса болот. Эркек кетип калат. Башка бүлө курат. Алар биз сындуу эмоционалдуу эмес. Батырак ойгонот, батырак өзүнө келет. Көбүнүн жашоосун улап кеткенге кудурети жетет. Аялдардыкы башкача. Эгер эркек башка бирөөнү таап кете турган болсо, катастрофа ошол жерде! Аялдын жан дүйнөсү миң бырчаланат. Кайра туруп кетиши өтө татаал! Экинчи бирөөгө ишениши кыйын. Сүйүшү андан бетер. Эркектерден өч алууну көздөйт. Адатта балдарды көргөзбөй, ала качып, балдары менен жазалайм дейт. Бирок бул учурда ата эмес бала көбүрөөк запкы жегенин аңдабай калабыз! Бала баары бир атасын жакшы көрөт, сагынат. Ал тургай таап алат. Аял калган жашоосун балдарына арнап өтөт. Өзүнүн жашоосун көмүп коет биротоло! Бирок балдары чоңойгондо алар бүлө күтөт. Аялдарынын көңүлү, өздүк жашоо маанилүүрөөк келет. Экинчи ирет аял катуу соккууга урунат. Конфликт ошол жерде башталат. Ошон үчүн аял канча жашта калбасын алгач өзүн ойлоосу кажет экен! Ден соолугунан ажырап, өчөшүп ичип, же көрүнгөн мн жүрүп кеткен айымдар да болот. Бир сынгандан кийин тура албай калгандар көп. Ошон үчүн белди бекем бууп, өзүңө көр казбай, чуркап кет! Алаксы, иште, кулпур, сүй! Ар бир адам жаңылат! Ажырашуу жашоонун соңу эмес! Ал жаңы жашоонун башталышы! Балким мурункудан дагы сонун жашоонун башталышы! Биздин бир көйгөйүбүз: адамдарды кое берүүнү билбейбиз. Кечирим берүү андан оор. Баары түбөлүктүү дейбиз! Оңой кое берип, оңой кабыл алып, ар бир нерсенин соңу болоорун билсек, жеңил болмок беле» -деп жазды.

Постко көпчүлүк Айтбекованын колдоо көрсөткөн пикирлерин жазып калтырышты.

БУЛАК:barometr.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу