Сырткы келбетим тууралуу эң көп берилген суроолорго…
1. Кашыңды каяктан жасаттың эле?
Жооп: Кудай менен ата — энем биргеликте жасаган. Татуаж — матуаж жок. Визажисттер макияж жасаганда сонун кылып карандаш, тень менен жасап коюшат. Жасалма кашка каршымын
2. Операция жолу менен сурма (кош кат) жасаттыңыз беле?
Жооп: жок, жасаткан эмесмин. Корком. Жан таттуу
3. Чачыңдын өңү кандай?
Жооп: Стилист @kanamalik боейт. Кайсы краска, номери кандай, кантип боейт кийлигишкен эмесмин. Иши кылып менин талабым: нукура өңгө боеоо.
Чачымды ак баспаса, боебойт элем.
4. Бетиңизге кандай кам көрөсүз?
Жооп: Жөн эле жууп жатам, эртең менен жууп коем. Крем сүйкөйм. Корея косметикаларын көп жылдан бери колдоном. Кайсы фирма мааниси жок. Аралаш.
5. Тоналка колдоносузбу?
Жооп: Колдонбойм. Күндөн коргонуучу ВВ крем колдоном. Тоналканы сахнага, эфирге чыкканда визажист колдонот. Кайсы фирма билбейм. Сурабайм.
6. Кантип арыктагансыз? Диета кармайсызбы?
Диета кармап көргөн эмесмин. Өмүр бою 47 — 48 кг мын. Эмне мынча арыктап кеткенсиң деген сөздөр таң калтырат. Анткени салмагым ары — бери түшпөйт, көтөрүлбөйт.
7. Канча жаштасыз?
Качанкы динозаврмын?!
8. Тишиңиз өзүңүздүкүбү? Кантип кам көрөсүз?
Жооп: Анан кошунаныкы болмок беле? Кадимки эле паста менен эртең менен кечинде жууйм .
Назира Айтбекова
БУЛАК: argument.kg