Назира Айтбекова, алып баруучу: «Миң акылдуу, түшүнүктүү болбойлу,  турмуш  бизди уйгу-туйгу жолго алып барат»

Жашоо сырын билген, татаал кырдаалды күлкү менен жеңген, Назира Айтбекова биздин редакцияда конокто болду. Жүзүнөн күлкү түшпөгөн Назира айым, ийгиликтери тууралуу ачык-айкын айтып, көңүлдүү маек куруп берди.

   

-Акыркы учурларда,  соц. баракчаңызга (Instagram) да,    сүйүү туурасында өзүңүздүн  сезимдериңизди билдирип жатасыз, мунун сыры эмнеде?

-Ар бир адам баласына кудай тарабынан ар кандай өнөрдү берип, ар бир инсанды Аллахым  түрдүү өнөрлөр менен такшалтат.  Кээ бири,  кичинекей мезгилинен тарта  ырдаганга шыгы болсо,  кээ бири, түрдүү бийлердин  майын чыгара бийлейт.   Мен болсо, жаштайымдан кагаз бетине түркүн темадагы ырларды, аңгемелерди жазып,  эргүү алчуумун. Азыр да,  бул калыбымдан жазбай келем. Табият берген өнөрүң  эч качан жоголбойт да. Ошол себептен, азыркы учурда ыр же  аңгеме жазбасам да, жан дүйнөмдө толуп турган жылуу сезимдеримди,  кара сөз түрүндө  жазып, соц. баракчама, (Instagram) га  жүктөп, эл көзүнө көрсөтүп турууну туура көрөм. Эң акыркы жолу, соц. баракчама,  сүйүу туурасында өзүмдүн оюмду жазып  киргизгем. Бул да болсо,  жан дүйнөмдөн чыккан жылуу сезимдер. Албетте, азыркы учурда   улуу-кичүү дебей, баарыбыз негативдин артынан кууп, туура ойдо жазылган сөздү да,  бурмалаганга чейин барабыз. Мен ойлойм,  ар бир инсан өзүнүн оюн айтууга, жазууга тийиш. Андыктан, бул туурасында ким кандай ойлоду,  мага кызыксыз. Көпчүлүк учурда, менден улуу эжелер, мен теңдүү кыз-келиндер, «Назира, жашоого багыт берүүчү  сөздөрүңүз, бизге аябагандай   пайдасын тийгизет, жакшы жолго үндөйт, биз үчүн  позитив тартуулаган китеп чыгарсаңыз кантет?»-, деген сыяктуу, жүрөк жылытчуу  ой-пикирлерин жазып турушат. Китеп жазып чыгарбасам дагы, соц. баракчама,  позитивдүү сөздөрүмдү жазып,  ким кандай кабыл алса да,  мындан кийинки сезимдеримди сиздер менен бөлүшүп турам.

— Жашоодо  кандай айымсыз жана өзүңүзгө кандай баа бересиз?

— Ар бир  эле айым өзүнүн күчтүү экенин , же болбосо,  кандайдыр  бир жактан алсыздыгын байкап турса керек. Мен да,  алар сыяктуу өзүмө-өзүм баам берип, сезип турам.  Жашоодо мен бактылуу айыммын, бир уулдун энесимин. Өзүмө жогорку баа менен карайм дегенден алысмын, бирок, ата-энем үчүн меримдүү кыз, уулум үчүн, татыктуу эне, жакын курбуларым үчүн, туруктуу достукту сактап,  мыкты  айым болууга умтулам.  Албетте,  мындай ойлор ар бир аялзатында  кездешсе керек. Бирок, менде айымдык  сапатка караганда,  көбүнчөсү,  эркекке тиешелүү мүнөздөр көп кездешет. Себеби,  кичинекей мезгилимден тарта,  балдар менен чогу ойноп, эркектик мүнөзгө ээ болуп, өзүмдү эркек баладай сезчүүмүн. «Сен эркек эмес, кыз баласын»  — деп айтышса,  ыйлачуумун (күлүп). Убакыт өтүп, акылымды  таанып баштаганда,  кыз баланын орду  кандай болоорун билип баштадым. Ошентсе да,  эркектик мүнөз  мага көбүрөөк жагат. Көпчүлүк учурда мырзаларга  тиешелүү маселелерди,  эч кимдин жардамысыз чечип койгон учурларым да болот. Ошондуктан,  менде айымдык сапаттар азыраак.

— Азыркы үй-бүлөөлөрдүн эки ажырым жолго кетүүсүнө эмне себеп болууда? Бул жагдайга кандай көз караш менен карайсыз?

— Четтен туруп сыноо,  барыбыздын колубуздан келет. Бирок,  ал үй- бүлөөдө кандай көйгөй жаралып жатканы бизге маалым эмес. Ар бир инсан жашоону түшүнүп, анан үй-бүлөө курат. Миң акылдуу, түшүнүктүү болбойлу,  турмуш  бизди уйгу-туйгу жолго алып барат. Менин оюмча, үй-бүлөөнү сактап калуу үчүн аял затынын салымы өтө чоң.  Жашоону жеңил ойлоо, айымдарга жарашпаган сапат деп билем. Бирок, ошол эле мезгилде, эркектер да айымдарга колдоо көрсөтүп, жылуу сөзүн аябаса, бири-бирин түшүнүп, бири-бирине жылуу мамиле жасаса, үй-бүлөөлүк жол,  түбөлүккө созулат.

-Жүрөгүңүзгө жакын кесип бул, алып буруучулук же актрисалык жөндөм?

—  Ар бир инсан,  өзү каалаган багытта иштеп,  ырахаттануу менен эмгектенсе, эң чоң бакыт ошол болушу керек. Мен да ушул жолду тандадым. Өзүмө кайсыл багыт жакса, баарын бир учурда алып кеткенге аракет жасайм.  Мисалы, “Алып баруучулук же актрисалык багыттын,   бирөөсүн гана тандайм”-,  дегенден алысмын. Сиз айткан  эки кесип, бир эле учурда  менин жашоом, мен сүйгөн тармактар. Ошондуктан, алып баруучулук жана актрисалык жолум, бир багытта улана бермекчи. Негизинен,  алып баруучулук багытында иш алып барууда , сөзсүз түрдө ,  сенден актрисалык жөндөм талап кылынат. Андыктан,  мен тандаган эки кесиптең,  бири-бири менен тыгыз байланышта.

-Жүзүндө бир гана күлкү жаңырган айымдын, кайгырган учуру  болобу?

-Кыргызда, “ Күлкү ден- соолуктун мүлкү”-, деп бекеринен айтылбаса керек. Албетте,  дайыма күлүп жүрүү,  ар бир инсанга позитивдүү жашоо тартуулайт. Андыктан,  менда   көп учурда күлүп , жогоку маанайда жүргөнгө аракет кылам.  Негизинен, күлкү, “Татаал кырдаалдардан  сактап калуучу курал”-,  деп айтылат эмеспи. Ошондуктан, айрым  учурларда,   мен да бул куралды колдонгонго  туура келет.  Балким,  кээ бир учурда күлүп, каткырып жүрсөм, «Назиранын көңүлү оорубайт, баардык нерсени  көтөрө билет» -, деп ойлогондор да жок эмес болушу керек. Ооба, мага айтылган керексиз  сын- пикирлерди укпаган жайым бар. Бирок,  ойлоно турган  кырдаалдар да болуп калат.

-Лондонго кандайча жолдомо утуп алдыңыз?

-2017-жылдын күз мезгилинен тарта,  Коомдук биринчи  каналда,  чет тили алкагында откөрүлүүчү «English shoy” долбооруна катыштым.  Анда, жылдыздардан түзүлгөн эки топ, болгон аракетибиз менен ат салышып,  болгон күчүбүздү жумшадык. Мындайча айтканда, чет тилине канчалык бай экенибизди тастыктадык десем болот.  Негизинен,  баарыбыз үчүн бул долбоор аябай кызыктуу өтүп жатты. Себеби, жеңүүчү команда, бир жумага  Лондонго  эс алууга бармак (күлүп).  Ошондуктан, күчүбүздү чогултуп, ынтымакта,  ийгиликке карай аракеттендик.  Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн, чет тилин мыкты билген адистер,  долбоордун аягына чейин карап,   калыс баасын чыгарып берди. Ал эми,  командалардын кимиси жеңишке жетишкендиги туурасында,   эл тарабынан да  добуш берилип,  аныкталды. Жыйынтыгында,  биздин топ женишке жетип, Лондонго жолдомо утуп алдык.  Буйруса,  Лондонго сапар тартабыз.

Акжуурат Эргешалыева

БУЛАК: argument.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу