Назира Айтбекова: «Айтбекова, аялыман бөлөк башка этекти карай элекмин дегилечи…»

Ким кандай дебесин Кыргызстанга белгилүү маданият тармагындагы теле алып баруучулардын бири Назира Айтбекова, айрым учурда агынан жарылып ачуу чындыкты айтканы бар. Кезектеги ачуу сын-пикирин Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Төмөндө телеалып баруучунун пикири өзгөрүүсүз толугу менен:

Аялдын чын дили менен калп айтпай, сөз жасабай, болгон дүйнөсү менен сүйгөн жалгыз эркеги уулу болсо керек, ээ? «Чыныгы үй бүлөсүн бийик тутат. Аялынан бөлөк башканы сүйбөйт, көрбөйт. Үй бүлөсү биринчи орунда» деген эркектерди көрдүм. Аялына эзели бербеген гүлүн көтөрүп, ага арнабаган жылуу сөзүн башкага арнап, чарк айланып турганын көрүп, эзели эрге тийгиң келбей калат экен. Бир нече үй бүлөлүк жылдан кийин махабатыңдын май талканы чыгып, бириңе бириң бир тууган катары карап, ысыгың тарап, балдар үчүн деп жашап, эл көзүнө эле ымаланы ысытып, «үлгүлүү үй бүлөнүн» жарнамасын жасап, жалгыз калганда ит — мышык болуп, көңүлүңдү оорутуп, түртүшүп — тартышып, анан барып көңүлдөш тапкан үй бүлөө керекпи? Балким бир нерсе түшүнбөй жаткандырмын. Балким, мен көрбөгөн баалуулук бардыр . Ким билсин бирок, бирин бири саткан, калп айтып, эки жүздүү болгон, эчак муздап калганды ысытуу үчүн далалат уруп, сезимдерди уйпалап, кордоп, өзүнүн да жубунун да бакытын байлаган үй бүлөнүн баалуулугун түшүнбөй жатам. Мага үмүт бергилечи? Караңгы түшүнүгүмө жылчык киргизгилечи? Башка эле терезеден баш багып атасың дегилечи? Айтбекова, аялыман бөлөк башка этекти карай элекмин. Карасам, буюрбасын. Өмүр бою бирөөнү эле сүйүп жашаса болот дегилечиии? — деп жазат, Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу