Назира Айтбекованын ачылып, чачылып түшкөн сүрөттөрү талкууга түштү

Белгилүү алып баруучу, тили менен буудайды 5 секундда куруп жиберчү, эрке мүнөз, эрке
кыял, анан калса, көп нерселерде көз карашы башкача болуп эсептелген Назира
Айтбекова ФБдагы баракчасына ачылып, чачылып, ар кандай позада түшкөн сүрөттөрүн
жарыялап, ФБ колдонучуларын бир дүргүтүп, ар кандай кептерге жем таштады. Чынында
Айтбекованын сүйлөгөндө, күлгөндө, эми минтип сүрөткө түшкөндө ашыкча кеткен жактары
бар. Айрым учурларда өтө эле заманбап болгусу келип, байыркы каада-салтыбызды
баалабай, садага чаап да коёт. Эми бул жагы өзүнүн мүнөзүнө жараша болуп жатса керек.
Ар кимдин көз карашы ар башка, аны оңдоо кыйын. Береги сүрөттөргө жакшы –жаман
пикир жазгандар көп болду. Үй-бүлөлүү аялдын минтип сүрөткө түшкөнүн жактырбагандар
да арбын экени билинди. Төшүнүн учуна “точка” деп атка коюп да жиберишти. Кыскасы,
элдин көзүндөгү адамдын мындай сүрөттөрдү чыгарганы көпчүлүккө жаккан жок. Андыктан,
арыдан бери болгон эле жакшы эмеспи…

 

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу