НАЗИК: «ЖИГИТИМДЕН ТӨРӨГӨН БАЛДАРЫМДЫ КҮЙӨӨМ «МЕНИН БАЛДАРЫМ» ДЕП ОЙЛОЙТ»

– Менин атым Назик. Жалал-Абаддын кызымын. Мектепте окуп жүргөн акыркы жылдары айылдаш бир жигит менен жакшы мамиледе болуп калдым. Чындыгында аны абдан сүйчүмүн. Анын дагы мага болгон таза сезимдери бар эле. Биз туура үч жыл кыз-жигит болуп, бактылуу көз ирмемдерди бирге өткөрдүк. Эркектик напси деген башкача болот турбайбы. Жигитим «үйлөнгөнгө чейин эле кошулуп ала берели. Баары бир акыры бирге болобуз» деген сунушун айтчу болду. Бирок мен ага таптакыр макул болбой «баары босогоңду аттап, ак никеге турганыбызда болсун» деп кутулчумун. Чындыгында эле ушундай тилегим бар эле. Ошентип жүрүп жигитим бир күнү чечим чыгарып баш кошо турган болдук. Ал мага «үч күн күт, келип алып кетем» деп кетти. Чыдамсызданып күтүп, ага жар болууга камынып калдым. Тилекке каршы, мен күткөн үч күн өтсө дагы жигитим мени алып кетүүгө келген жок. Анын башка кызга үйлөнүп алганын уктум. Солкулдап ыйлагандан башка айлам болбой соолуп эле жатып калдым.

Бир жумада өңүмдөн азып, баш көтөрбөй калганымда апам мени бир молдого алып барып дем салдырмак болду. Ал молдо дем салуу менен кошо жигитимди мага кайрып бере ала турганын да айтты. Кубанганымды айтпа. Аны менен бирге боло турганымды кыялданып жибердим. Бирок ал молдо мага дем салбай же менин жигитимди кайрып берүү тууралуу айтпай эле, башка бир бала тууралуу айтып, ага мени көндүргөндөй болуп жатты. Ошол жерден апама «кетеличи, болду, мени жайыма койгулачы!» деп ыйлап сурандым. Экинчи ирет тилегимди таш каап, кайра да төшөк тартып жатып калдым. Апам болсо кирип-чыгып тиричилик менен эле алек болуп жүргөн. Азыркыга чейин таң калганым, кайдан-жайдан экенин билбейм, бир жумадан кийин эле менин жашоомдо баягы бала пайда болду да, тез эле мени ала качып кетти. Апам деле мени андан куткарып калууга аракет кылган жок. Мунун сыры кийин ачылды…

Ала качып баргандарга болгон аракетим менен каршылык кылсам дагы алым келген жок. Зордук менен отургузуп коюшту. Нике түнүндө мага күйөө болчу адамды «мага тийсең өзүмдү өлтүрөм» деп коркуттум. Ал айтканыма макул болду. Жеңелерине өз канын көргөзүп мени алып калды. Ага канчалык каалоом жок болсо да турмуш мени үй-бүлөлүү кылып жашата баштады. Бир айга чукул убакыт ал мени сооротуп, жакшы сөзүн айтып, көзүмдүн агы менен айланып жатты. Мен да көнө түшкөндөй болдум. Ошондо гана биз аялы-күйөөсү катары бирге болдук. Бирок “багы жокко дагы жок” болуп бул адамым психикалык жактан дарты бар болуп чыкты. Күч-кубаттуу, баары колунан келген эле адам. Болгону аң-сезиминен азыраак артта калуу, анан талмасы бар. Бирок оорусу дайыма кармабайт экен. Ошондуктан сыртынан бир көргөн адамга оорулуу деген ой деги эле келбейт. Мүнөзү болсо абдан жапакеч, мээримдүү, эмгекчил, баладай кыял-жоругу бар жакшы адам. Мезгилге карата оорусу кармап калган маалда гана ачуусу чукул болуп, көп кыжырданып, анан талмасы кармап калат. Тагдырдын башка салганы экен деп жашап калдым. Ортодо эки балалуу болдук. Бирок экөө тең атасындай болуп талмасы бар, акыл-эси артта болуп төрөлүштү. Доктурлар буга атасынын оорусуна кошумча экөөбүздүн каныбыз бири-бирибизге туура келбегени да себеп болгонун айтышты. Бизде ушундай маселе бар экенин күйөөмө деги эле түшүндүрүп жеткире албай койдум. Акыркы кезде ал тууралуу уккусу да келбей калды.

Ошентип мурда жигитиме жетпей калганыма күйүп ыйлап жүргөн болсом, эми эки баланын азабынан улам мурдагыдан эки эсе ыйлачу болдум. Кичүү кызым төрөлгөндөн кийин балдарымдын ден соолугу үчүн колумдан келген аракетимди кылып ооруканаларды түрө кыдырдым. Заматта өзүм дагы жүрөк оорулуу болуп калдым. Акыры күйөөм менен жашоону таптакыр каалабай, оюмда бир гана ажырашып кетүү болуп калды. Бирок ал менин кетип калуума мүмкүнчүлүк бербей койду. Бир туруп апама: «Назикти бактылуу кылам. Назиксиз кантип жашайм»-деп жалынса , бир туруп «кетсең сени өлтүрөм, же асынып алам» деп коркутат. Айлам кетти… Абдан ойлондум… Акыры, кантсе дагы балдарымдын атасы деп ушул адамга чыдоону туура көрдүм. Анын үстүнө бир эмес, эки оорулуу бала менен эми кайда батмак элем. Ошентип талашып-тартышкан, балдардын оорусу менен алышкан күндөр алты жылга созулду. Бир күнү ден соолугумдан жабыркап ооруканага барсам, жакшы болуп кетүүм үчүн төрөшүм керек экенин айтышты. Күйөөмдүн акыбалын, андан төрөлгөн балдарым тууралуу айтсам «ден соолугум болсун десең, эптеп бир бала төрөшүң керек» дешти. Чын эле күйөөмдөн төрөгөнгө менде тырмактай да каалоо болгон жок. Андан төрөсөм, каныбыз туура келбегени үчүн дагы бир оорулуу баланы жарыкка алып келерим бышык эле да.

Ары толгонуп, бери толгонуп олтуруп эки оорулуу баламдын бактысына мен узак жашашым керектигин билдим да төрөөнү чечтим. Бирок күйөөмдөн эмес, жигитимден. Бирок бул эң кооптуу да, күнөөсү көп да кадам болгондуктан апам менен кеңешүүнү туура көрдүм. Мындай адамга баш байлап калуума макул болгону үчүн апама таарынычым чоң эле. Ага барып арманымды айтып буркурап ыйладым. Көрсө бул адамга баш байлап калуума апам да аргасыз баш ийген экен. Атам каза болуп калган соң көп балалуу апам бизди жетишпес турмушта араң чоңойткон. Улуу бир туугандарым өз турмуштарын эптеп кетишкени менен апам байкуш дагы деле жетишпестиктин чеңгелинен чыга элек эле. А менин жигитимдин ата-энеси мени ушул жагынан чанган экен. Апам байкуш убагында мага анын бирин да билдирбептир. Анан жанагынтип бизге тең келчү менин күйөөм табылып калганда соолуп жаткан мени баш көтөрөр деп апам тобокелге барган тура. Апам алты жыл ичине каткан ушул сырларын айтып келип, аягында: «Шаарда сенин балдарыңдай балдарды багуучу жай бар дейт. Жок дегенде бирөөсүн ошол жакка алып барып сал. Ушул оорулуу балдар деп жүрүп жаштайыңда картайып кеттиң»-деди. Башка чапкандай болдум. Балдарымды башка жакка алып барып салмак турсун жандарынан бир аз алыс болууга түтпөйм. Аларды ал жактан мендей сүйүп, мендей чыдап ким карамак эле? Ошондо апама өзүм дагы ооруп калганымды, ал үчүн төрөшүм керек экенин, а мен болгондо да жигитимден төрөп алганы жатканымды айттым. Акыры апам менин бул кадамга баруума макул болду.

Иликтеп олтуруп жигитимди таптым. Ал деле жыргал жашоого жетишпептир. Биринчи никесинен ажырашкандан кийин дагы эки жолу аял алып кетириптир. Менин каргышым тийгени ушул го деп бармагымды тиштедим. Дайыны жок ыйлап, эпсиз каргаган экенмин. Кездешкенибизде алгач эле «эмне үчүн мени таштап үйлөнүп алдың?» деп кесе сурадым. Ал башын жерге салып гана отуруп берди. Мен болгон бугумду чыгарып ыйлап, күйөөм кандай адам экенин, балдарымдын абалын жашырбай айтып бердим. Ал унчукпай угуп олтуруп гана аягында «Суранам, кечирип кой»-деди. Ошол кездешүүдө эле мен ага мага бала, ден соолук, күйөөмдүн аманчылыгын сактоо керек экенин түшүндүрүп айттым. Андан балалуу болушума макул болушун сурадым. Каршы болгон жок. Нике кыйдырып алдык.

Ошентип убакыт өтүп мен андан эки бала төрөдүм. Улуусу кыз, кичүүсү эркек. Бул балдарым акылдуу, татынакай, деги эле сүйкүмдүү. Алар тайларына окшош болгондуктан эч ким башкадан деп шек санабайт. Күйөөм болсо алар үчүн абдан кубанат. Жакшы көрөрүнө чек жок. Жашаган аймагыбызда ар кандай иштерде жалданып иштеп таап келгенинин баарын балдарыма карматат. Байкушум балдарымдын кылыгына кубанып, аларды эркелетип анан мага дайыма «Назик, ушул татынакай балдарды мурда эле төрөбөйт белең. Карачы, менин балдарым кандай акылдуу. Көрдүңбү, менден деле сонун балдар төрөлөт. Эми да төрө, ээ» дей берет. Мурдагыдан бетер көзүмдү карап, жаш баладай кубанат. Дайыма колумдан кармап: «Сага ыраазымын, алтыным. Мени бактылуу кылдың, сага Кудай берет»-деп айтат. А мен жигитим менен дагы деле жолугуп жүрөм. Ал балдарына белек берип жиберет. Аларды сурап, колунан келгенин аябайт. «Кийин балдар чоңойгондо атасы мен экенимди айтып кой» дейт. Бирок мен ага макул эмесмин. Бул мени менен кошо кетчү сыр. Антип баарын ичиме катканым менен жан дүйнөмдө дайыма тынчтык жок. Ар дайым бушайман болуп турам. Эми жигитиме турмушка чыгып, бактылуу болуу кайда?.. Мен күйөөмдүн бактылуу болуп турган жашоосун бузгум келбейт. Ал байкушту ыйлатып, оорулуу жанын ого бетер кыйнап таштап кете албайм. Ага өзүмдү бактылуу адамдай көрсөтүп, ага болушунча жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Эртең менен ишине узатып, кечинде тамагын камдап, жасалма болсо дагы жаркылдаган маанай менен тосуп алам. Жакасын кирдетпейм. Ырас Кудай мени ушул адамдын маңдайына жазгандан кийин аны бактылуу кылайын деп болгон аракетимди кылам. Бирок мен бактылуу эмесмин (ыйлап). Аны менен бир жаздыкка баш коюп жашоо мага азаптын азабы. Бирок балдарым үчүн жашап келем. Дагы деле балдарым деп эки адамдын ортосунда эзилип жашай беремби?.. 34 жашым ый менен, арман менен өтүп кетти. Алдыда калган жашоом да ушинтип өтөбү деген ой келгенде башым айланат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу