Назарбаев сакал коюуга мыйзам чегинде тыюу салуу керектигин айтты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын лидерлери менен болгон жолугушуусу маалында кыска шым кийип, сакал коюу казак салтына туура келбей турганын билдирди. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөргө тыюу салуу маселесин мыйзам чегинде иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
«Караңгылыктын айынан биздин жаштар сакал өстүрүп, шымдарын кыскартып алууда. Толугу менен карага чүмкөнүп алган казак кыздары көбөйдү. Бул биздин салтыбызга да, элибизге да жат көрүнүш. Буга мыйзам чегинде тыюу салуунун жолун караштыруу керек. Казактар аза күткөндө гана кара кийген», — деп билдирди Назарбаев.

Президент санариптик технологиялар өнүккөн доордо Казакстан «салттуу эмес диний агымдардын үгүтүнө» бөгөт кое алышы керектигин белгиледи. Назарбаев зарыл болгон учурда мамлекет Мусулмандар дин башкармалыгын колдоого даяр экенин айтып, ага лоялдуу болгон миңдеген имамдын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жардам бере турганын билдирди.

Казакстан президентинин администрациясынын билдирүүсү боюнча Назарбаев өлкө үчүн салттуу ислам багыты катары ханафи мазхабын атады. Акыркы жылдары казак бийлиги өлкөдө исламдын башка агымдарынын, анын ичинде ваххабизм жана салафизмдин таасиринин өсүүсүнө карата бир канча жолу тынчсыздануусун билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу