Назарбаев администрация башчысын алмаштырды

“Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, президент Нурсултан Назарбаевдин 10-сентябрдагы жарлыгы менен буга чейин Астана шаарынын акими кызматын аркалап келген Асет Исекешев президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалды. Ал эми администрацияны буга чейин башкарган Адилбек Жаксыбеков кызматтан “пенсия курагына келгенине байланыштуу” деген жүйө менен бошотулду.

64 жаштагы Жаксыбеков президент Нурсултан Назарбаевдин жакын кызматташтарынын бири деп саналчу. Президенттин администрация башчысынын кызматына ал 2016-жылы экинчи ирет дайындалган.

Ал эми администрациянын жаңы башчысы, 47 жаштагы Исекешев Астанада 2016-жылдан тарта акимдик кылып, ага чейин министр, вице-премьер-министр болгон.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу