Назарбаевге Токтайым кат жазды

Негизи эле Токтайым оңой зайып эмес. Кээде оттон да суудан да кайра тартпагандай болгон түрү бар. Бир нече күн мурун маалымат майданында кызыктуу куш кабар тарады. Ал Атамбаев өзүнөн кийинки президентке өтө оор жүктү таштап кетип жатканына кейип, маселени элдик дипломатия менен чечүү аракетин көрүп жатыптыр. Анын оюу боюнча эки өлкөнүн аттуу- баштуу аксакалдары жолугушуп бирин-бири кечиришип маселени жайгаштырышы керек.

Бул кат «биздин жетекчилер күнөөлүү дегендикке жатпайт»-деп баса белгилептир. Кат Казакстандын президентинин администрациясына түштү. Эми жооп күтүп жаткандыгын билдирген экен.

Мындай жол менен маселе чечилсе албетте жакшы болмок. Бирок, ага коңшу мамлекет тарабынан жооп болобу жокпу бул өтө чоң суроолуу маселе. Бир жагдайды Токтайым Үмөталиева абдан туура айтты. Казакстан менен мамилени оңдоо 24-дө ишине кирише турган Сооронбай Жээнбеков үчүн бир топ татаал маселелерди жаратышы толук мүмкүн.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу