Надира Нарматова, экс-депутат: “Коррупцияга каршы күрөшүү саясий куугунтук эмес, далилдер менен болуп жатат”

—         Өткөн жылдын аягында кызматка киришкен президент Сооронбай Жээнбеков бир катар чечкиндүү кадамдарды жасап, коррупцияга каршы күрөштү акыйкат жүргүзүүгө бел байлады. Өлкө башчысынын аткарып жаткан иштери сизди канааттандырабы?
—         Президенттин аткарып жаткан иштери канааттандырат, эми эркин туура пайдаланып, убакыттан уттурбашы керек. Жээнбековдо кандай жол менен болсо да элге кызмат кылууга мыйзамдуу толук мүмкүнчүлүк бар. Өлкө башчысын мурдатан билем. Бирок сын айтканым негиздүү. Турмуштук тажрыйбасы бар, туура эмес кадамдарга барбаган, таза экенин эске алып, шайлоодо таалапкерлерди салыштырып көрүп Жээбековду тандадым.
—         Учурда коррупцияга каршы күрөш күчөп, анын натыйжасында президенттин мурдагы жакын үзөңгүлөштөрү да камакка алынууда. Тамыры терең жайылып кеткен коррупция менен күрөшүү аягына чыгабы?
—         Президент коррупция менен күрөштү аягына чыгарат. Коррупцияга каршы күрөшүү саясий куугунтук эмес, далилдер менен болуп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн 80%ы эски кадрлар. Калган жаңылар да дароо реформа жасап жиберет дегенден алысмын. Башчыны алмаштырса калганы өзгөрбөйт. Андыктан кадр маселесине сергектик менен кароо зарыл. Коррупция менен коррупционерлер күрөшө албайт.
—         Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тагдыры кыйын абалга кептелди. Сиз саясатчы катары Атамбаевге кандай кеңеш берет элеңиз?
—         Экс-президент элдин тынчтыгын, өзүнүн келечегин ойлосо шүгүр кылышы керек. Себеби ал 6 жыл каалашынча иштеген. Атамбаев алгачкы 2 жылда президенттик бийликти орнотууда түйшөлсө, кийин эркин иш алып барган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков тарыхтагы орду үчүн бийликти өз алдынча жүргүзүп, Атамбаев менен сый мамиледе болгону оң.
Булак: «Марал» радиосу

Аргумент.kg
Жооп калтыруу