Нааразы болгон милициялардын кайрылуусу


Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш Атамбаевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Төрагасы Ч.А Турсунбековго
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри
С.Ш Жээнбековго

Кайрылуу

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде болуп жаткан ички интригаларды чечүүнүн жолун таппай биз сиздергеаргасыз кайрылуу жолдоону туура деп таптык. Сөз ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров тууралуу болмокчу. Бүгүнкү күндө Данияр Абдыкаров ИИМ ичиндеги “серый кардиналга” айланды. ИИМди каалагандай калчап, иритип жатканы чындык. Учурда кадр маселесине киришип, кимди кызматтан кетирет, кимди кызматка коет баарын ушул киши чечип калды. Ал эми министр Улан Исраилов куурчакка айланып калды, Данияр Абдыкаровдун сөзүнөн чыкпайт. Министр Улан Исраилов эмнеликтен Абдыкаровдун айтканынан чыкпай калганы түшүнүксүз. Урматтуу Алмазбек Шаршенович сиз ИИМдеги крысаларды тазалайм деп, атайын ишенимдүү адамыңыз Улан Исраиловду министр кылып дайындадыңыз. Ооба Улан мырза жаңы кызматка киришкенде жакшы иштеп, айрым крысаларды кызматтан кетирүүгө жетишти. Бирок акыркы мезгилде Абдыкаровдун тилине кирип, ИИМди реформалап жатабыз деген шылтоо менен, бизнес жасап жатышат. Ар бир башкармалыктын кызматкерлеринен акча талап кылып жатат. Акчасы барлары тиешелүү “ставканы” берип кызматында калып жатса, акчасы жок бирок таза иштеген күчтүү кадрлар “ставканы” бере албай кызматтарынан бошотулууда. Бул боюнча фактыларды келтирсек, жаңы дайындалган кызматкерлер ашып кетсе 3 айдан 6 айга чейин кызмат өтөп, кийин белгисиз себептер менен кызматтан бошотулуп жатат. Бүгүнкү күндө кызматта калам десең, же жогорулайм десең 30 миңден 100 миң долларга чейин акчаң болушу шарт. Анан ушундай кырдаалда кайдагы реформа? Бүгүнкү күндө ИИМде реформа эмей эле, чоң бизнес жүрүп жатат. Мындайча айтканда капчыгы калың крысалар кайрадан ИИМди каптап тим болбостон, жетекчи орундарга дайындалып жатканы жанды кейитет.
Акыркы ИИМде дайындалып жаткан кадр саясатына назар салсак, Күбөлөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги З.Айталиевди себепсиз кызматтан кетиргени. Эң кызыгы Айталиевди жумуштан айдап жиберип, анын ордуна мурунку ГУБОПтун башчысы Мирлан Каниметовду дайындаптыр деп эшиттик. Мирлан Каниметов Алманбет Анапияевдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген Гүлжигит Абилазизовду ошол учурдагы ИИМ башчысы Турганбаевдин буйругу менен өлкөгө алып келгени менен эсте калган. Данияр мырза бул кызматка Мирлан Каниметовду жөн эле дайындабастан, болжол менен 30-50 миң доллар ставкасын алганы боюнча күбүр-шыбыр маалыматтар айтылып жүрөт.
Мындан тышкары жакында эле Шавкат Жунусов Ош облустук ИИБнин Криминалдарга каршы кызматынын башчылыгына дайындалды. Бул эргул дагы кызматка баруу үчүн 40000миң доллар берди деген жоромол бар. Эсиңизге сала кетсек, Шавкат Жунусов буга чейин милициянын Полковниги Анвар Алиевди өлтүргөн деген кине менен 25 жылга эркинен ажыратылган. Бул ишке анын тиешеси бар экендигин ошол учурда кылмыш болгон жерде табылган анын пистолети тастыктайт. Бирок ошого карабастан кийин тааныш билиш салып жатып акталып чыкканы боюнча тар чөйрөдө айтылып жүрөт.
Дагы бир эч кандай тажрыйбасы жок Азамат Бектенов Чүйдө УУРдун орун басары болуп көп иштебей эле, Ош шаарына опер зам болуп дайындалды. Бул мырза да бир кездери чуулгандуу иштерге аралашканы тууралуу маалыматтар бар.
Керек болсо адам өлтүрүүгө катыштыгы бар делген, адам өлтүрүүгө шектелип кылмыш иши козголуп, камалып чыккан адамдар ИИМдин жооптуу кызматтарына дайындалып жатканы шек жаратпай койбойт. Эмне ИИМде эч кандай чуулгандуу иштерге аралашпаган, өз ишин так аткарган мыкты жигиттер калбай калыптырбы? ИИМди иритип жаткан окуяларга Данияр Абдыкаровдун түздөн-түз тиешеси бар. Бул боюнча Урматтуу президент өзүңүздүн жеке көзөмөлүңүзгө алып текшерүү жүргүзсөңүз бул келтирилген жүйөлөр калкып чыгат.
Биздин баамыбызда сизге Данияр Абдыкаров тууралуу тескери маалымат жетет окшойт, Абдыкаров убагында Максим Бакиевдин жакын адамы болгонун, революциядан кийин “Бител” компаниясынан жүк ташуучу унаа менен толтура акчаларды уурдап чыкканын жана сиз оппозицияда жүргөндө сиздерге каршы иштеп Таласта көтөрүлгөн элди таркатууга далалат жасап, элди ур-токмокко алганын билсеңиз керек. Бирок кийин сиз бийликке келген соң Абдыкаровго кылмыш ишин козгогондун ордуна аны ИИМдин орун басарлыгына дайындап, ал аз келгенсип “Эрдик” медалы менен сыйладыңыз. ИИМде иштеген бир топ кызматкерлер ошондо таң калганбыз, Абдыкаров кайсы эрдиги үчүн “Эрдик” медалына татыды деп. Чыныгы эрдик кылгандар бааланбай, уурулар бааланып жатканы адилетсиздик деп эсептейбиз.
Негизи Данияр Абдыкаров өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бирин дагы аткара элек. Мисалы: белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмү, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү, журналист Турат Акимовдун сабалышы ж.б. Ушул кылмыш иштердин бетин ачуу Данияр мырзага жүктөлгөн. Данияр Абдыкаров бул кылмыш иштердин бетин ачкандын ордуна, тескерисинче Абасовдун жана Дүйшөбаеванын өлүмүнөн бизнес жасап алганы тууралуу убагында ММКларга жарыяланган.
УрматтууАлмазбек Шаршенович, Урматтуу Чыныбай Акунович, Урматтуу Сооронбай Шарипович биздин сиздерге кайрылуу жолдогонубуздун себеби ушундай ИИМди иритип жаткан, мыйзамсыз иштерде кулагы көрүнгөн жетекчиге тез аранын ичинде чара көрүп бериңиздер. Жогоруда келтирилген мыйзамсыз иштер 100 пайыз чындык, ал боюнча жеке көзөмөлдөрүңүздөргө алып текшерүү жүргүзсөңүздөр баардык мыйзамсыз иштердин бетин ача аласыздар.
Сиздерге терең ишенүү менен ИИМ кызматкерлери.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу