МӨҢГҮ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА СОТ БОЛОТ

“Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор” деп какшаганыбыз менен суунун башаты болгон мөңгүлөрүбүздү талкалоого жол берген мыйзам кабыл алынды. Бирок депутаттардын бул кылыгына нааразы болгон жарандык активисттер кол куушуруп отуруп калышкан жок. Алар райондор аралык сотко кайрылышкан.

Эми Жогорку Кеӊештин “Суу Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзамын кабыл алуу боюнча  токтому 20-декабрда сотто каралат.

Райондор аралык сот “Демократиялык жана жарандык коом үчүн коалициясынын” “суу кодексине” озгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнүп жазган арызы өндүрүшкө кабыл алынганы маалым болду.

Соттук отурум 2017-жылдын 20-декабрында саат 11:00дө өтөт.

Эми бул сот ишин келечек муундун, кыргыз элинин тагдырына кайдыгер карабаган сот карап, эли-журтун ойлобогон депутаттарды бир уят кылса экен.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу