Мүнөзү чатак кызга үйлөнгөндүн пайдасы…

Дүйнөнүн эң кыйын психолог адистери ар бир адамдын бир орунда токтоп калбай, ар дайым ийгиликтерге жетип турушу үчүн мүнөзү чатак кызга үйлөнүүсү керек деген оюн билдиришти. Бирок бул нерсенин ар дайым жолу боло бербейт. Кантсе да мүнөзү кыйын аялды жар кылып алууга жигиттер батына беришпейт.

Албетте, эркектер аялдарынын себепсиз мээни жеп, ар кандай ишке аралашып, болбогон жерден уруш издегендерин жактырышпайт. Ал эми аялдар тескерисинен буларды жасашат. Кээ бири ошондо гана өздөрүн жакшы сезишет. Үй-бүлөдө эркек кишинин айтканы аткарылыш керек деген мыйзамга жогорудагы абал кээде каршы келет. Анда да биз мүнөзү чатак кыздардын кандай аял болоору тууралуу бөлүшмөкчүбүз.

Мындай кыздар эркектердин өзүн өтө урматтаганын каалайт. Сый-урмат көрсөттүрө да алат. Ошенткен менен белгилүү бир даражада күйөөсүн да урматтай алат. Болгону ал ошол сыйга ылайык болсо гана!

Мындай кыздар өзүнүн саясий пикирин жогору баалашат. Ал күйөөсүнүн пикирине ар дайым кошула бербейт. Анын ката кетирген жактарын айта бергенден тажабайт. Анткени мындай кыздар көбүнчө чындыкты бетке айтканды жакшы көрүшөт жана ушул мүнөзү өзүнө жагат.

Мындай кыздар күйөөсүнүн талантынын өчүп калуусуна жол беришпейт. Сиз кандай ишке жакын болсоңуз, ошол иште өзүңүздү сынап көрүүңүзгө көп күч салат.

Мындай кыздар өздөрүнө катуу ишенишет. Алар колуна алган ишти эркек адамдын жардамы жок аягына жеткире алган күчкө ээ.

Мындай кыздар күйөөсүнүн духу түшө баштаган кезде руханий күч бере алат. Алар күйөөсүнө ишенерин айтып, өзүн дагы бир сынап көрүүнү өтүнүшөт.

Мындай кыздар күйөөсүнүн эч кандай эр азаматтан кем эмес экендигин ичтен билсе да, аны кайра-кайра айта бербейт.

Бул кыздар үй-бүлөлүк бюджетке тыкыр карашат. Үй-бүлөлүк бюджетке жакшы карашып, киреше менен чыгашага катуу маани беришет.

Бул мүнөздөгү кыздар үй-бүлөлүк сырга сак болушат жана үй-бүлөсүнүн тынчтыгын каалашат.

Эркектеин баардыгы кой оозунан чөп албаган кыздарды жактырышат десек, жаңылышабыз. Анткени алар мүнөзгө катуу маани беришет. Кээ бир учурда жигиттер арасында чындыгында жогорудагы талаптарга туура келген кыздарды жактыргандар кездешет.

 

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу