Мүнөзүмдү түзөймүн десеңиз!

Колуңузга кагаз менен калем алып тизме жазууга киришиңиз. Кагаздын бир бетине өзүңүз жактырбаган касиеттерди, экинчи тарабына өзүңүзгө жаккан касиеттерди тизмектеп жазыныз.

Мындай шартта сиздин кандай терс мүнөздөрүңүз бар экендигин сиздин жакын туугандарыңыз айтып бере алат. Жакындарыңыз сиз боюнча чындыкты айтуусун кааласаңыз, алар айткан сынды туура кабыл алыңыз.

Тизмеңиз даяр болгон соң, аларды жоюу амалдарына киришиңиз. Мисалга, пессимисттик ойлорду позитивдик маанайга алмаштырыныз. Ачуу-ызааны мээримдүүлүккө, ийгилик менен бактылуулукка жетелеген ойлорду гана ойлонуңуз.

Отуруп алып, эгерде мен мүнөзүмдү өзгөрткөндө кандай ийгиликтер алып келе тургандыгын элестетип көрүңүз. Албетте, мүнөздү оңдоо оңой эмес. Кандай болгон учурда да, колдон келген аракетти жасоо керек. Кээде сырткы келбеттин өзгөрүүсү, мүнөзүңүздүн дагы өзгөрүүсүнө түрткү болот.

Адистер мүнөздү оңдоодо эң алгач ички жан дүйнөнү тазартуу керектигин айтып келет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу