Боомдо 3-июлдан 10-июлга чейин атайылап таш кулатуу иштери жүргзүлөт
Ысык-Көлгө бараткан жолдогу Боом капчыгайында автоунаалар топтолуп калганы байкалууда.
Поезд жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 3-июлдан 10-июлга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун (131-чакырымы) Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Таш кулатуу иштерин №32 жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат. Анда эгер 20 унаадан ашуун унаа топтолуп калса жол ачылат.
Эскерте кетсек, 30-июнда Боом капчыгайында бараткан туристтердин унаасына майда таштар кулаган. Бактыга жараша, андан адамдар жаракат алган эмес.
Булак: Sputnik