Бир-бирин сейрек кучактаган эл агрессивдүү болот экен. Ушуга байланыштуу нейропсихолог Джеймс Вильям Прискот ата-энеси колуна алып, маңдайынан сүйбөгөн балдар келечекте адам өлтүрүүгө чейин бараарын айтат.
— кучакташуу иммундук системаны калыбына келтирет;
— нерв системасын стимулдаштырат;
— тынч уйкуну камсыз кылат;
— күч-кубат берет;
— жашартат;
— стресстен арылтат;
— гормондун окситоцин көлөмүн өстүрөт;
— кан кысымын төмөндөтөт;
— жүрөк ооруларына чалдыгып калууну төмөндөтөт;
— гемоглобиндин деңгээлин көтөрөт;
— иммунитетти күчөтүп, ар түрдүү оорудан айыктырат;
— адамдын өзүн туура баалоого пайдасын тийгизет;
— ички коркунучтан арылтат;
Эзелки Чыгыш жазмаларында кучакташуу адам баласына маанилүү иш-аракет ирээтинде каралат. Ал адамды дарылап, жашартуучу өзгөчө касиети да бар. Айланадагы баардык түрүү жан ээси камкорлукка зар. Ошондуктан чоң ата-чоң энебизди, ата-энебиз менен балдарыбызды, сүйүктүү адамыбызды кучактоону унутпасак!