Мээрим Атантаева Борбор Азиянын мыкты модели аталды

Кыргызстандык модель жана актриса Мээрим Атантаева Сеулда өткөн «Asian Model
Festival» сынагында Борбор Азиянын мыкты модели аталды. Бул тууралуу ал социалдык
тармактагы өзүнүн баракчасында билдирген. «Өз мамлекеттеринин атынан чыккан бир
нече адам болду, баары өз жериндеги жылдыздар. Алардын арасында ээрчиген адамы
жок мен болдум, бирок мыкты деп табышкандан кийин тайсалдоонун кереги барбы,
туурабы?», – деп жазган актриса.
2016-жылы Борбор Азиянын мыкты модели болуп Айжамал Осмонова табылган.
Мээрим Атантаева — «Мисс интернет» сынагынын жеңүүчүсү жана жаш актрисалардын
бири. 2017-жылы Таалайбек Күлмендиевдин «Мунабия» тасмасындагы образы үчүн «Ак
илбирс» Улуттук киносыйлыгынын «Аялдын мыкты ролу» номинациясына ээ болгон.

Булак: “Де Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу