Мээрбек Мискенбаев: “Шашпагыла, ит кылам”.

Былтыр экс-депутат Мээрбек Мискенбаев менен куудул Абдылда Иманкулов экөө акыйнек айтышканда уккандар боорун тырмап күлгөн. Ошондо –“Шашпагыла, силердин оозуңарды кулагыңарга чейин жыра турган мыйзамды иштеп чыгып, ит кылам”-деген Мээрбек мырза көп убакыт өтпөй мандатын тапшырып, баягы өзү көнгөн “үйүрүнө” башчы болуп кетти. Ким билсин, балким кандай мыйзам токууруна акылы жетпеди окшойт. Болбосо оозу кулагына жеткен далай куудулдарды көрмөкпүз да? Эмнеси болсо да куудулдардын Кудайы бар экен аман калышты. Негедир ошондон кийин бириси да куудулдарга асылбай калды тымтырс болуп.

Чамасы алардын мурдуна чүлүк салса элге жек көрүндү болобуз деп тынчыган шекилди. Анткени менен парламентте таланттуу адамдар арбын экенин байкап жатабыз. Маселен, Кожобек Рыспаевдин куудулдугу деле оңой эмес. Тимеле Күмөндөрдү туураганда дал өзүндөй образга түшөт экен. Болгону куудул фигурный, Кокең болсо сүткө тойгон баладай момпоет. Бирок, анын минтип элди күлдүргөнү Абыловго пайдасы тийди. Былтыр кыйладан бери түшүндө көрүп жүргөн эл артистикти имерип алды. Эгерде Рыспаев аны туурабаганда балким, документтери саргайып жата бермек. Негизинде ар кандай маселе талкууланганда ушул депутаттын берген суроосуна эл таңсык. Себеби, анын жөн эле айткан кептери кытыгыңды гана келтирет.

Ал эми Каныбек Иманалиевди болсо чечен айтышка салып койсо далайын шүмүрөйтүп саларына шек жок. Азыр мандат алган айрым ыктытып, расса чойуп сүйлөгөндөр ушул кишиден ораторлукту үйрөнүшкөнүн уккан жайыбыз бар. Анын сабагынан кийин кантип сөз башташты билип, дегеле компоюп калышты. Баса, Камчыбек Жолдошбаев деле көчөдө калгандардан эмес. Керек болсо Даңгыттардын эсебин берип таштайт. Аны дагын сахнага пайдаланууга толук шарт бар. Өзү деле тайманбай кайсыл образды сурансаң так каалаганыңдай сахнада ойноп берүүдөн айныбайт. Айрыкча бирөөнү таламайды аткартыш керек.

Айтор, парламенттин төрүндө балпайып отургандардын ичинен камчы сапка жарактуулары кыйынчылыкка тушуктурбай табылат. Флейтаны сыздаткандар, урма аспапты даңкылдаткандар, опера ырчысындай обон созгондор, акыяларды кыраатына келтиргендер толтура. Андай өнөргө көөдөнү жык толгондорду издеп убара болбой эле кулагынан сүйрөп алсаң болот. Атайын долбоор жаздырып таланттуу депутаттардын өнөрүн элге тартууласа неге болбосун? Анын режиссердугуна албетте Абдылда Иманкуловду дайындаш кажет.

Депутат айымдардын арасында да аттын кашкасындай жайнагандар бар. Эми аларды иретке ошол режиссер салса болорун айттырбай сезип турабыз. Жамы журтту күлдүрө, күйдүрө турган долбоор балким келечекте даң салып калар? Ага чейин парламенттин эле “сахнасынан” кызыктарга батып туралы. “Эл ичи өнөр кенчи”-деген асыл сөздүн этегине чыгууну каалагандарга бир эскертүү бере кетели. Муну тамаша катары кабыл алгыла, болбосо айрым эл өкүлдөрү түз кабыл алып, режиссерго пара берүүгө ашыгып жүрбөсүн.

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу