Мээрбек Мискенбаев: «Адвокат жалдадым, Финполиция суракка чакыра элек»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев адвокат жалдады. Бул тууралуу ал бүгүн «Азаттыка» билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши козголгонун ЖМКдан билген, Финполиция аны суракка чакыра элек жана айтылган дооматтар боюнча документтерди албай жатат.

Мискенбаев кылмыш ишинин козголушун “саясий куугунтук” деп атады жана мунун баары март айында “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек” деп айтып чыккандан кийин башталганын билдирди.

Быйыл мартта Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, иниси, Жогорку Кеңеш депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керектигин билдирген. Муну ал «үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө» аракети деп сыпаттаган.

Асылбек Жээнбеков муну чагымга теңеп, мандатын тапшырууну же калтырууну эл чечерин айткан.

29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш ишин козголгонун маалымдаган.

Алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектеп жүргөн.

Быйыл апрелде “Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурган — деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу