Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголду.

Мээрбек Мискенбаевге «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду. Ал, «Айкөл Ала-Тоо» уюмунун мүчөлөрүнө бөлүнгөн 2 миллион сом ашык каражатты жеп койгон. Экс-депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин «саясий куугунтук» деп айтып жатат. Мискенбаев «саясий куугунтук» кылчудай деңгээлде беле?

Мискенбаевдин куудул Т.Курбаналиевдин концерт берүүсүнө каршы чыкканын, мурдагы президент Атамбаевге дайым «дүжүрлүк» кылып ыксыз коргогондугунан бөлөк жакшы ишин ким эстей алат?

Алдамчылык кылып, өзүнүн коомундагы командасын алдаганы үчүн ал камалышы керекпи? Бир убакта эл тажатаар жана күлкү жараткан «куудул» Мискенбаев боюнча оюңар кандай достор? Бул тууралуу пикирин журналист Дайырбек Орунбеков билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу