Мээни эс алдыруунун жолдору

Көңүл коштук, бир нерсени кабыл албоо, унутчаактык сыяктуу белгилер социалдык жашообузда терс таасирин берет. Мээнин чарчоосуна себеп болгон төмөнкү факторлорду айтууга болот.

Ашыкча стресс

Иштөө чөйрөдө өзүңүздү ыңгайсыз абалда сезүү

Уйкунун аздыгы

Техникалык каражаттар

Адамдын өзүнө жана үй-бүлөсүнө жетишерлик көңүл бурбагандыгы

Туура эмес тамактануу

Бул боюнча невролог адиси Абдуллах Өзкардеш: Мээни эс алдыруунун эң жакшы жолу-бул адамдарга убакыт бөлүү деп айтат. Буга карай сиз сүйүктүүңүз, жакын адамдарыңыз менен таза абада сейилдөөгө чыгыңыз. Эгерде мээңизде чарчоодон башка оору белгилерин байкасаңыз, анда аны да убагында дарылоо керек. Мисалы, жумушуңуздан алыстап кайсы бир убакытка эс алууга барыңыз. Өзүңүз жактырган хобби менен алектениңиз. Күнүмдүк стресстен алыстап, өзүңүз үчүн убакыт таап адам аз жерде жөө басыңыз. Жөө басуу денедеги электромагниттик жүктөн арылтууга жардам берет.

Дагы эмне кылуу керек?

Мээ чарчабаш үчүн туура тамактанып, убагында эс алып жана өткөн нерселерди улам кайталап эстебеш керек. Мисалы, грек жаңгагы, жашылчалар жана оливка майы сизге жардамга келет. Булардын курамында B, C жана E витаминдери бар.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу