Португалиялык окумуштуулар Альцгеймер оорусу учурунда нерв клеткаларынын өлүшү организмдин туура жумуш иштебеген нейрондарго каршы коргонуу реакциясы дешет. Ушул механизм мээге картаю менен күрөшүүгө жардам берет.
Адамдардын мээсинде бета-амилоиддер клеткаларды өлтүрөт. Нейрондор жанында жаңы клеткалардын пайда болуусунун себебинен өлүп, организм өзүн-өзү жаңылап турат. Бул картаю процессин жайлатат. Муну « сапаттуу башкаруу» ыкмасы деп аташат. Бул экспериментти окумуштуулар жандыктарга жүргузүшкөн. Эми адамдарга жүргүзүп көрүшмөкчү.
БУЛАК:zaman.kg