Мээге кубат бере турган азыктар…

Мээ адам баласынын борбордук системаны аткаруу органдарынын катарын толуктайт. Биздин организмге келген калориянын 20-30 пайызы мээге жумшалат. Сиз канчалык сапаттуу тамактансаңыз, организмиңизге ошончо керектүү азыктар барат.

Мээге кубат бере турган азыктар

1. Бадам-мээнин иштөө функциясын жакшыртууга жардам берет. Анткени анын курамы витамин Еге бай.

2.Кешью-эс тутутумду жакшыртат. Анын курамы түрдүү антиоксиданттарга бай.

3.Грек жаңгагы-мээнин ой жүгүртүү системасын жакшыртат. Мында омега-3 майы көп.

4.Кара шоколад-антиоксиданттарга бай болгондуктан бул дагы пайдалуу даамдардын катарын толуктайт.

5.Алма-бизди көп убакытка чейин ток кармап турган касиетке ээ. Адистер алманы канчалык көп жесе, ошончолук ашыкча салмактан арыла тургандыгын эскертет.

6.Кокос майы-бул дагы организмдеги метобализм менен ашыкча салмакты бирдей кармап турууга жардам берет.

7.Зайтун майы-түрдүү антиоксиданттарга бай жана жүрөк оорунун алдын алат.

8.Жумуртка-белокко өтө бай келгендиктен, салмакты бирдей кармап турууга жөндөмдүү.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу