Мэр иштен кетсе, кылмыш иши козголобу?

Жакынкы күндөрү Бишкек мэри Албек Ибраимовдун ишмердүүлүгүн Бишкек шаардык кеңеши карайт. Шаардык кеңештин депутаттары мэрди иштен айдоону пландап жатышканы кеп болуп жатат. Ал ортодо айтылуу «шоопур» Икрам Илмияновго таандык делген «Ихлас» курулуш компаниясынын тегерегинде коррупциялык схемаларга байланыштуу шектүү жагдай жаралып, анын учугу Ибраимовго такалчудай болуп калды. Себеби дал ушул компанияга Бишкектин майлуу делген жерин арзан баага кармата бергени коррупцияга илинчек катары каралышы ыктымал болуп турат. Демек, мэр иштен кетти дегиче кылмыш иши козголуп, суракта кезек күтүп калышы мүмкүн…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу