МЭРИЯНЫН БЮДЖЕТИНЕН 17,3 МЛН СОМ ЖЕГЕН АЙТМАМАТ КАДЫРБАЕВ КАМАЛАБЫ?

Ош шаарынын мэриясында 17,3 миллион сом суммадагы каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасы 2015-жылдын 1-июлунан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт боюнча аудит жүргүзүп, Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерген.

Анын жүрүшүндө командировкага кеткен чыгымдар 100 миң сомго, курулуш иштери – 12,9 миллион сомго жогорулатылып көрсөтүлгөнү жана 100 миң сом бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталган.

Каржылык бузуулардын ичинен 1 миллион сом маяна катары негизсиз берилген.

Мындан сырткары дебитордук насыялык каражатты 2,3 миллион сомго жогорулатып көрсөтүшкөн.

Каржылык бузуулардын жалпы суммасынан 16,3 миллион сому кайтарылып берилиши керек.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу