Мэрге кылмыш иши козголду

Чолпон-Ата шаарынын мэри Саралаев Карыбекке прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Себеби ал аталган шаарда экологиянын бузулушуна эч кандай чара керген эмес. Бул
маселе боюнча мамлекеттик экотехинспекция өз текшерүүсүн жүргүзүп эскертүү берген
менен ага көңүл бурулган эмес.
Акыр-чикир төгүлгөн жер жана эл көп эс алчу аймак Чолпон-Ата менен Бостери болуп
саналат. Тазалыктын, экологиялык талаптардын сакталбаганына эл нааразы. Албетте,
мэрди бул маселе менен камап жибербейт деңизчи. Бирок бул да болсо жалкоо
аткаминерди бир аз болсо да иштетүүгө өбөлгө түзүп калгысы бардыр.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу