Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдына мусулмандар нааразычылык акциясына чыгышты, арасында кыргыздар да бар

3-сентябрда Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдында ислам динин карманган жарандар нааразычылык акциясын өткөрүп жатат. Мындай маалыматты Москвадагы «Кыргыз-Биримдиги» коомунун төрагасынын орун басары Улан Кошматов SUPER.KG`ге билдирди. Анын айтымында, акцияга чыккандардын арасында Кыргыз жарандары да бар. Алардын чогулуусуна акыркы убактарда интернеттеги социалдык тармактарга тараган Мьянма өлкөсүндө мусулмандар массалык түрдө өлтүрүлүп жатат делген видеолор себеп болгон. «Биз кечээ Орусиядагы мусулмандардын ушул жакка чогулуп жатканын интернеттеги социалдык түйүндөрдөн билгенбиз. Мусулман катары өз оюбузду билдиргени келгенбиз. 3-4 миңдей адам чогулду. Бирок элчиликтин алдында чагымчылдык аракетти жасагандар көбөйүп кетти. Полиция жол кыймылына тоскоол болбой, тынчтыкты сактап тургула деп эскертүүдө. Ачык эле кыйкырык салгандар, чагымчылдыкка чакыргандар да болуп жатат. Мындан тышкары уюштуруучулар жергиликтүү бийликтен уруксат албаптыр. Ошондуктан полиция чогулгандарга карата күч колдонушу мүмкүн деген да кооптонуу бар. Абалды карап көрүп, ошол жерге бирге барган кыргыз балдар тарап кетүүнү туура көрдүк», — деди Улан Кошматов.

 Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу