Мьянмадагы зомбулуктан 27 миң мусулман качып кетти, 20 миңге жакыны чек арада турат, — БУУ

БУУнун качкындар иши башкармалыгынын маалыматы боюнча, Мьянмадан мусулман топторунун 27 миңден ашык өкүлү чыгып кетти. Ошондой эле, 20 миңге жакыны Бангладештин чек арасында турат. Бул тууралуу аталган уюмдун жаңылыктар борбору билдирди.
Маалым болгондой, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Мьянманын өкмөтү мамлекеттин жашоочуларына коопсуздукту камсыз кылып, муктаж болгондорго уюмдун жана анын өнөктөштөрүнүн гуманитардык жардам көрсөтүүсүнө тоскоолдук жаратпашы керектигин белгиледи.
Рохиндж элинин өкүлдөрү менен Мьянманын бийлигинин ортосундагы чыр-чатак ондогон жылдардан бери токтобой келет. Ал 1940-жылы Улуу Британия Британиялык Бирмага (Мьянмага) көз карандысыздыкты берип, бирок анын чет жакасындагыларга, анын ичинде рохиндждер жашаган мурдагы Ракхайн штатына эркиндикти бербей койгондо башталган.
Көз карандысыздыкты албаган этникалык топтор Мьянманын жаңы бийлигине баш ийишкен эмес. Нейпьидодо аларды террористтик уюмду колдогон мыйзамсыз мигранттар жана жоочулар деп таанышкан.
Мындай тирешүү акыркы жолу 2011-2012-жылдары Мьянма аскердик башкаруудан жарандык башкарууга өткөндө болгон.
1-сентябрь күнү Reuters Мьянманын армиясынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен тирешүүнүн кесепетинен 400гө жакын адам каза болгонун маалымдады. Анын ичинде республиканын армиясынан 15 адам көз жумган.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу