Мырзалар эмнеге галстук тагышат?

Галстук – заманбап мырзалардын гардеробундагы эң модалуу аксессуарлардын бири.

Биздин колубуздагы ар бир кийим, зер буюмдарын кошпогондо, кызматка ээ. Ал эми галстуктун моюнду кыскандан башкан кандай кызмат аткарат? Эмнеге мырзалар гана тагышат, эгер аларды кооз жана түрдүү-түстүү кылып жасала турган болсо аялдар да тагышпайт?

Галстук немис тилинен алынган “Halstuch” сөзү “моюнга орогон жоолук” дегенди билдирет. Эң алгач муну римдик легионерлер моюндарына тагышкан. 1660-жылы хорват аскери Парижге кезектеги согуштан кайтып келген. Ошол шаарда алар модалуу кийимдерди урматтаган король Луи XIV менен кездешет. Аскерлерди куттуктоодо офицерлер моюндарына ачык түстөгү жибек жоолуктарды байлап алышкан экен. Бул алардын мурунтан жасалып келе жаткан салты болгон. Ушул көрүнүшкө таң калып, кызыккан Француз монархы да мойнуна ошол жерде жоолук байлап алат.

Көп узабай бул мода Англияга да келген. Бирда бир джентльмен моюнуна бир нерсе оромоюнча өзүн жакшы сезе алышбай калган.

Галстук ал убактарда өтө бааланчу, адамдар аны көрсөтүү үчүн бүтүндөй денеси менен бурулуп эки жакты карашчу.

XIX кылымдын башында галстукту кандай туура байлаш керек ыкмасы жашоого келди. Ал жөнүндө китептер да жарыяланды. Ушундай китептердин биринин автору Бальзак.

Галстуктун тарыхында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп турду. Эреже боюнча, галстук көйнөктүн жакасы менен шай келиш керек. 70 жылдары анын туурасы 13 сантиметр болчу. Ал эми азыркы убакта галстуктардын туурасы — 8,2 см. Галстук жасоодо жаккард кездемеси менен жибектин ролу маанилүү.

1960-жылдары жаштар арасында галстуктун модасы калып калган, бирок 1970-жылдардан кийин кайрадан модага айлана баштаган. Албетте, башчылар галстук тагып жүргөндө, ишчилер сырта карап калышпайт.

Галстук эркектердин гардеробундагы эң оңой колдонулган аксессуар. Адатта мырзалар бир жагынан байланган галстуктун түйүмдөрүн бирин, ичке учун тартып алышат.

Бирок кээ бир адамдар өз гардеробун да, өз өмүрүн да галстуксуз элестете алышат. Алар өз костюмдарына, көйнөктөрүнө шай келген галстукту таппаймын деген күмөн менен убара болушат. Керек болсо кээ бири галстук такканды жактырышпайт да. Кийимге жарашуучу галстукту тандамак тургай, аны туура байлаганды да билбейт көбү.

Жана жыйынтыгында эскерте кетчү нерсе, жибек галстукту машинада кургатпаңыз, көбүнчө кол менен жууп тазалоого аркет кылыңыз. Эгер анда да тактар кетпей жатса, анда аны сөгүп, жүз аарчы (платочка) катары пиджактын чөнтөгүнө салып коюңуз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу