Мынча уятыңыз жок гүбүрнатор аяш ава

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевди ажы десең ажы, беш маал намаз окуйт десең окуйт. Айтор атка минерлердин алдыңкы эле «сопусу» эле ушул адам.

Маалым болгондой өткөндө президент Оштогу санарип боюнча жыйында сүйлөп жатканда Жалал-Абад, Баткендин губернаторлору баш болуп, кашайып эле уктап калганын жалпы калк ЖМК, интернеттен көрдү. Уктап турганы укмуш эле көрүнүп турат.

«Бир болдун» лидери Алтынбек Сулайманов ал уйкучуларды кызматтан алуу маселесин көтөрүп чыкканда, Дыйканбаев ЖКдан уялбай турул эле: «Президенттин жыйьшын биз карап чыктык, эч ким уктаган эмес» — деп айтты. Эл жакасын кармады. Ошол жерде уктагандардын айрым абийирдүүлөрү деле Кудайдан коркуп: «көзүбүз илинип кетиптир»- дешмек.

Ал эми ал жыйында жакшы эле берилип уктап жаткан Баткен губернатору  Акрам Мадумаров деген неме да «кагаз карап жаткам» — деп кара-жанын жеп, уктаганын танып чыкты. Чынында ал кагазды түшүндө карап жатса керек.

Булак: Багыт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу