МЫНА САГА! Эч нерседен коркпогон Анжелика аскадан секирип чоң талкууну жаратты…

Ырчы Анжелика бул ирет өздүк баракчасына  аскадан секирген видеосун жүктөп төмөнкү билдирүүнү жазып калтырды. Анда, «“Кыйкырганга да жетишпей калдым. Тоого чыкканча буттар талып, өйдө жардан секирүү унутта калат экен.
Мени эле күтүп жаткан команда дароо аркандарын тагып баштаганда кичине сездим толкунданууну. Буга чейин секирдин беле?-десе ооба, ой страховкасы жок деле циркте секиргем деп коём. Кайдан айттым эле, тиги негизги сары арканды алды жагыман чечип далыма тагып койсо болобу?! Ииии.
Же аны кармаса да болбойт, эки колумду каяка кетирээрмди билбейм. «Анжелика»! Бир токтосон тура бересин, дароо секиришин керек дедим.
Видеого да тартып жатпайбы, Кудай колдосун деп анан учуп кеттим.
Кайра чыгышым кыйын болду. Тоонун тик таштарына тырышып, буттурым калчылдап, айтоор укмуш “перезагрузка” болдум”- дейт ырчы айым.

Бул видеону көргөн интернет колдонуучулар, «Анжелика сен эркектер да түшө албай турган жерге барып келиптисиң, азамат!», «Күчтүү айымдар эч нерседен коркпойт, алга Анжелика»-деген сындуу пикирлерин жазып калтырган.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу