Мына сага! Бишкекте тойдо бийлеп жаткан аялга ок атып кетти…

Тойдон бийлеген аялды эркек пневматикалык тапанча менен жарадар кылды Ленин райондук соту тарабынан 1964-жылы туулган жаранга карата чечим кабыл алынды.

Буга чейин маалым болгондой, өткөн жылдын 23-сентябрында Ак-Өргө жаңы конушунда той болуп, анда бийлеп жаткан Айсалкын аттуу (аты өзөртүлдү) аялга пневматикалык тапанчадан ок атылган.

Жабырлануучунун айтымында, бийлеп жатып эле тарс эткен үндү уккан да, ошол замат бел тарабы катуу ооруп кеткен. Аял ооруканага жеткирилген. Ок жеген аял айыпталуучуга доомат артуудан баш тартты.

Сот шектүүнү күнөөлүү деп таап 4 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу