Мына кызык! Кенже Дүйшеева сунуш кылган түз эфирди ырчы Айжамал четке какты…

Ырчы Кенже Дүйшееванын билдирүүсү өзгөртүлбөй берилди.  

Кенже Дүйшеева: «Чындыкка баары туруштук бере албасы чын белем, түз эфирге чакырсам, келбейм депсиң… Акылмандар: “Сөз түшүнбөгөндүн жанында китеп сымал үнсүз бол” дешиптир. Бир нече күндөн бери мени өзгөчө «жакшы көргөн» адамдар тарабынан узун сабак кептер айтылып, талкууга түштү. Ар бир сөзгө тийиштүү, чындыкка негизделген жообун берип отура берсем, кайым айтышмайга айланып, Кудайга жакпас иш болор. Андай адат мага түк жарашпайт. Калкым, күйөрмандарым, ушундай жагымсыз талкууга сиздерди күбө кылгандыгым үчүн кейийм.
Жашоодо «ящик Пандоры» деген түшүнүк бар. Ал «кара куту» ачылса, бороон-чапкыны баарынын ит-акмагын чыгарары анык. Акылы бар адамдар ал ящикти ачпай эле коет.Мага карата токуп жазган апыртмалар учун ,озун менен озун калган учурда,баары бир кудай астында кечирим сурап жаткандырсын.
Эгер 17 жылдык өмүрүмдү арнаган топтун эң жаманы мен болгон болсом, мени кеп-сөз кылгандан көрө, ошол команданын ишин илгерилетүүгө күч жумшалсын. Ийгилик гана каалайм! Амандык гана тилейм! Ошончо жылдык турмуштук тажрыйба, сыноо, сабак үчүн Жаратканга ыраазымын! Эмгек баалабаган пенделер болсо да, дайым көтөрүп кете турган калкымдын сүйүүсүн таптым.Колдоонуздарга рахмат.Бироого жагынуу максат эмес,кудайга жаксак ошол жетээр.
…Алла Таала бизге канча өмүр суусун берди, эч кимибиз билбейбиз. Андыктан, мен Кудай берген өмүрдү,жаман создорго эмес, анын ар бир күнүн, ар бир саатын өзүм чексиз сүйгөн уй булоомо,жакындарыма, чыгармачылыкка, элге сунчу жакшы иштерге арнайын деген ниетим бар. Бар бололу!»-дейт ырчы.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу