«Мык суургуч менен сабаган!»

Жалал-Абад облусунда каракчылык фактысы катталып, кылмышка шектүү кармалган. Бул кылмыш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматкери Самара Кадырова төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2017-жылдын 29-декабрынан 30уна караган түнү болжол менен 2 жарымдар чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ошол эле районго караштуу Күмүш-Азиз айылында каракчылык болгону тууралуу маалымат түшкөн. Күмүш-Азиз айылынын тургунунун үйүнө кирген белгисиз жаран үй ээлерин мык сууругуч менен сабап, үйдүн ичинен баалуу буюмдарды издеп таба албаган соң, из жашырып качып кеткен. Натыйжада үй-бүлө мүчөлөрү: үй ээси 1956-жылы туулган С.Т., анын аялы 1964-жылы туулган С.Х. жана алардын кызы 2002-жылы туулган С.М. Сузак райондук ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы, өтө катуу сокку жегенден улам, үй ээси С.Т. 3-январда ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Аталган факт боюнча Сузак РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жашоочусунун бул кылмышка тийиштиги бар экендиги аныкталды. Кылмышка шектүү 30-декабрда уурулукка шектелип кармалган болчу. Ал Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунда болгон 10 чакты уурулук фактысына шектелип жаткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулук фактыларынан сырткары үй ээси каза болгон каракчылык фактысына да анын катыштыгы бар экендиги аныкталды. Ошондой эле анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө  деп жазат super.kg сайты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу