Мыкты клипмэйкер Эрнис Сыдыков менен ырчы Нуркыз Кожонова акчанын айынан чырдашуудабы?

Ырчы Нуркыз Кожонова клипмэйкер Эрнис Сыдыковго нааразы экенин соц.тармак аркылуу жар салды. Бул тууралуу ал  Gezit.kg сайтына төмөнкү пикирин билдирди: «11ай мурда Турцияда тартылган клип чала болуп, акырын башка клипмэйкерге оңдоттум. Бул Эрнистин жумушуна жоопкерчиликтүү карабаганы деп түшүнөм. Канча айдан бери мени аркасынан чуркатып жүрдү. «Кардыма эмес-кадырыма ыйлайм» деген кеп ушул экенда. Эрнис болсо, «Мен клипти мурда эле бүтүргөм Нуркыз акчасын бергенде алат» дептир. Бул эмнеси??? Мен акчаны Эрнистин өз колуна июнь айында бергем. Негизи эле буга чейин ким менен иштешсем дагы, акчаны бербей туруп клип тарттырган эмесмин. Тактыкты жакшы көрөм, жумуштарды дайыма тарс-тарс чечкенге аракет кылам. Аллахтан коркуш керек да кичине. Качан мен клиптин акчасын бербедим, далилдеп бере алаар бекен? Аркасынан көп чуркатты, чалсам телефонун албай, смс жазсам жооп бербей койду. Айлам кеткенде үйүн издеп таап бардым. Ошол күнү үйүндө түнкү саат 2ге чейин отургам, келбей койду. «Макул, убактың жок болуп жатса проектти бер, башка жактан жасатып алайын» деп дагы жооп ала албадым. Акыры мени кара тизмеге киргизип салыптыр. Эң негизгиси, клиптин акчасын 11ай мурун эле бергеним чын. Мени кара тизмеге киргизсе да кайра чалдым албай койду. Смс да жаздым жооп жок. Ошондо айлам кеткенде ачык айттым баарын ыза болуп. Эл алдындагы адам болгондон кийин жоопкерчиликтүү болуш керек да» деп агынан жарылды. Ал эми Эрнистке байланышканып: «Клипти Турцияда тартып келгенбиз. Нуркыз ал жактагы чыгымдарды төлөгөн. Ал эми жарымын бардык чыгымдарын өз чөнтөгүмдөн төлөп Кыргызстандан тартып, бүтөрдүм. Клип даяр болгон соң, мен ага, «Баары даяр, калган акчасын берип алып кет» дегем. Калганын 2-3 күн мурда төлөдү, клипти алып кетти. Мен деле мээнетимдин акталышын каалайм да. Сөздүн кыскасы ушул, сүйлөй берсең ар нерсе айтыла берет…» — деген жооп уктук.

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу