Мыктыбек МУКАЕВ (Мыкы): «Чоң апамдын көйнөгүн уурдап чыгып, мектептен интермедия аткаргам…»

 Мыктыбек Мукаев же жөн эле Мыкы иним менен чакан маек курдук. «Жарайт Сити» долбоорунун актёру, Россиянын «Комеди баттл» телесынагынын жарым финалисти жана КТРде «Эң Мыкы шоу» теле- долбоорунун ээси жана алпаруучусу.

— Мыктыбек, сени көпчүлүк эл «Мыкы» дешет. Качантан бери Мыкысың?

— «Мыкы» деп мени үйдөгүлөр мурунтан эле аташчу. Толук атым Мыктыбек.  Атымды атам койгон. Достор да башында өз атымдан айтып келишип, бара-бара кыскартып эле «Мыкы» деп калышты. Буга мен деле көнүп калдым. Элди да көндүрдүм.

— Тапандык, куудулдук жагың кайсы тараптан келген?

— Биздин туугандардын арасында бар окшойт. Бири-бирин чымчып сүйлөшөт. Мунун баары атам тараптан келатканын байкайбыз. Куудулданып, тамашалап, тапкычтыгы менен элди күлдүрүп иймей жагы бар. Анан биз да жөн турбай «ответ» кылып коёбуз. А мектепте агаларды туурап интермедия аткарып, чоң апамдын көйнөгүн эч кимге билгизбей үйдөн уурдап чыгып, аны кийип алып кемпирдин образын жараткан күндөр болду.

— Эл сени биринчи Россия телеканалынан таанышкан. Ушу тууралуу кыскача кыстара кетсең?

— Россиянын «Комеди баттл» деген конкурсуна барганбыз. А жерде жалгыз адам сценага чыгып, жашоого болгон көз карашын, кайсы бир окуяга сынын айтып тамашалайт. Аларды «стендапер» дешет. Мына ушундай жанрда өзүмдү сынап көрдүм. Баардык турунан өтүп, финалга бир кадам жетпей калгам. Сахнанын сүрү болот эмеспи, толук ачыла албай, сүрдөп…

— «Биринчи жолу кыз менен төшөктө 21 жашымда жаткам. Азыр 18демин. Качан 21 жашка келем, чыдамсыздык менен күтүп атам» деген жериң бар эмеспи. Азыр канчадасың?

— Ооба, ошондо мен чындап эле 18 жашта болчумун. Андан бери үч жыл өттү. Азыр деле 21 жашымды чыдамсыздык менен күтүп атам. Күн санап калдым. Жакындаган сайын жүрөгүм лакылдайбы десем лакылдабайт, жадагалса дүкүлдөбөйт. Өткөрүп ийбесем экен.

— КВНби же тамашоубу кайсынысы сага жакын?

— Экөөнүн тили эле эки башка болбосо, форматы окшош. КВН мектебинен такшалмайын тамашоуго секириш бир аз кыйыныраак. КВНде актёр, режиссер, сценарист, алпаруучу жактарыңды, талантыңды өрчүтөсүң. Мүмкүнчүлүктөр көп болот. Ошондон улам мага КВН жагы бир аз жакыныраактай сезилет.

— Инстаграм сен үчүн?..

— Мен үчүн башында көңүл ачуучу жер болчу. Бирөөлөр менен таанышып, алар менен сүйлөшүп турар элем. Азыр башка соцтармакка караганда популярдуулугу менен көтөрүлүп баратканга байланыштуу шоу дүйнөсүндө жүргөн адамдар эмне менен алек болуп атканын кыска форматта отчет берип турушат. Жаңылыктарын тындырбай жазып, видео жүктөп турушат. Күйөрмандар менен пикир алмашып дегендей. Мен ар дайым ал жерде отура бербейм, маал-маалы менен гана. Мурун көпчүлүк эл болгон жаңылыктарды телевизордон көрсө, азыр инстаграм теленин ролун аткарып калды.

— Кээ бирөө акча табышат экен го?

-Ооба. Ал жагы көмүскөдө эмес. Канчалык катталгандардын саны көп болсо, ошончолук көрөрманы көп болуп, анын аркасы менен жарнама кылып акча таап атышат.

-А өзүң азыр эмне иш менен алексиң?

— КТРде «Эң Мыкы шоу» деген теледолбоор үстүндө иштеп атам. 12 чыгарылыш чыкты.

-Баса, ушу тууралуу кыскача айта кетпесең болбойт?

— Форматы жөпжөнөкөй. Жылдыздар мага конокко келишет. Алар менен ээн-эркин баарлашуу, тамашалуу көрсөтүү. Ар жекшембиде болуп турат. Эми баарын айта бербейин, «миң уккандан бир көргөн» дейт го, анын сыңары…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

БУЛАК:Азия news

Аргумент.kg
Жооп калтыруу