Мыктыбек Абдылдаев Бабановго: “Карапайым депутаттарды кыса бербей, лидерлер өзүңөр биринчи үлгү болгула да…”

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралып жатканда демилгечилердин бири Өмүрбек Бабанов айрым депутаттар 10 жолудан чет өлкөгө командировкага барып жатышса, кээ бир депутаттар бир дагы жолу барыша электигин айтып, бир партия менен парламентке келгенден кийин партия лидери менен кеңешип иш кылып, угуу керек экендигин баса белгиледи. Бабановдун мындай пикирине комитеттин мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев ар бир чакырылыш өзүнүн регламентин түзөөрүн, шарт ушундай экенин айтып, “Бизди кеткиле деп жатышат. Биз азыр ансыз деле жек көрүндү болуп бүттүк. Бүгүн чындыгында парламенттен башкасынын баары апапак, парламент эле капкара. Буга жетекчиликтин күнөөсү чоң. Мен тамаша-чынга аралаш суроо берейин. Лидерлер Сиздер Япония жакка жакындап кээде кетип каласыздар го, ошондо уруксат сурап кетесиздерби? Биз Жаңы Жылдан кийин 4-январда жумушка келсек, силер жылуу жерлерде эс алып жүрдүңөр. Бул кандай? “Бир жакка кетсеңер суранып кеткиле” деп карапайым депутаттарды эле кыса бербей, өзүңөр биринчи үлгү болгула да. Келгиле Сиздерге дагы бир норма коелу, кетип баратканыңарда айтып тургула. Сиздин демилгелериңизди колдойлу, бирок баарыбыз жоопкерчиликти чогуу алалы. Ошондо баары туура болот деп ойлойм” деген оюн билдирди.

iskra.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу