Мыйзамсыз алтын өндүргөн фирма Атамбаевдин мурунку жансакчысынын жубайына таандык

Чаткал районундагы “Найза” кенинде алтынды мыйзамсыз өндүрүүнүн артында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин жубайы Айчүрөк Адиевага таандык фирма турат. Бул тууралуу “Азаттык” кабарлады.

“Беш-Арал” коругунун аймагында алтын өндүрүүго ниеттенген “Мураз Синтез” фирмасынын негиздөөчүлөрү, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Султан Сактанов менен Айчүрөк Адиева болуп эсептелишет.

“Айчүрөк Адиева – мурда өмүр бою эркинен ажыратылган жансакчы Эркин Мамбеталиевдин жубайы. Бирок кийин ал эркиндикке чыккан. Адиевага Unity Gold Mining компаниясы да таандык. Ал фирма 2015-жылы “Кыргызалтын” ААКы менен биргеликте “Жерүй” кенине лицензия алуу сынагына катышкан. Айчүрөк Адиеванын иниси Мээрбек Адиевди 2012-жылы журналист Шайырбек Маматокторовду сабаган деп айыпташкан”, — деп билдирет “Азаттык”.

Мурдараак райондук прокуратура Чаткал районундагы “Беш-Арал” мамлекеттик коругунда “Найза” алтын кенине карай жол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогондугу маалымдалган. Жыйынтыгында, 80 даракты жана 200 бадалды кыйганы үчүн “Мураз Синтез” компаниясына 5 млн сом айып салынган.

Райондун кызмат адамдарына да кызмат абалынан кыянат пайдаланышканы үчүн иш козголгону белгилүү болду. Коруктун аймагында алтын өндүрүү үчүн жер бөлүп берүү фактысы боюнча облустук прокуратура иликтөө жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу