Мухтарбек Айнакулов, КСДП фракциянын депутаты: “Жолдошбаевге жөө жүргөн депутаттарга машине сатып бер дедим»

Муктар Айнакулович, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев жөө жүргөн депутаттарды көргөндө уяла тургандыгын айтып көпчүлүктүн сын сөзүнө кабылды. Сиз болсо тескерисинче эл аралап, коомдук транспортко түшүп, жөө жүргөн депутатсыз. Жолдошбаевге жооп айтат чыгаарсыз?

Камчыбек Жолдошбаев мага:  “Жөө жүргөн депутаттар аялдар экен, алардын жөө жүргөнү кыйын го дегенде, мен ага анда  сиз алардын ар бирине бирден машине сатып берип  коюңуз да дедим. Туурасын айтыптырмынбы? Чын да, эгер чындап эле Камчыбек Жолдошбаевдин аларга боору ооруп, жаны кейип жаткан болсо,  ар бирине бирден машине сатып берип койсун да.

-Сиз жөө эле жүрбөйсүзбү, жөө жүргөн ыңгайлуу элеби?

-Албетте, абдан ыңгайлуу. Азыр коомдук транспорттун түрү бар. Каалаганыңа түшүп эртең менен жумушуңа, кечинде үйүңө жетип алсаң болот. Жумушка барып келүүнүн эч кыйынчылыгы жок. Депутат, министр, мамлекеттик кызматкерлердин баары тең эле жөө жүрсө жакшы болмок. Жөө жүргөндүн бир артыкчылыгы элдин көйгөйүн жакындан билесиң.  Депутат, министр болгон соң элдин көйгөйүн билиш керек. Билбей туруп маселе чечип иштеш оор.

Жолдошбаевге окшоп депутаттар жөө жүргөндөн намыстанып жатышпайбы?

Куру намыстын эмне кереги бар. Депутат болуп беш жыл иштейсиң. Беш жылдан соң карапайым эле адамсың. Ошондуктан карапайым, жөнөкөй эле болуп жүрүш керек.

-Машине минген депутат досторуңуз сизди жөө бастырбай, кечинде жумуштан кийин үйүңүзгө жеткирип коюп турушабы?

Албетте, Искендер Кадыркулов деген депутат досум бар эле. Азыр “Түндүк электр” ишканасынын директору болуп иштеп жатат. Ошол досум депутат кезинде көп жеткирди. Азыркы учурда  Ильхом Маннанов аттуу депутат досум жеткирип коёт. Айрым учурларда Рыскелди Момбеков досум менен жетип алам. Эртең менен жумушка шашкан учур болсо, анда кошунам бар. Ал жеткирип коёт. Болбосо маршруткага түшүп эле жумушка жетип алам. Билесиңер да, депутаттык машинелерден биринчилерден болуп мен баш тарткам. Машине айдоого өзүм деле көп кызыкпайм.

Мирлан АЛЫМБАЕВ 

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу