Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин берген арызына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 жана 20-беренелерине, 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
- Жээнбеков Сооронбай Шарипович берген арызына ылайык Премьер-министрлигинен бошотулсун.
- Премьер-министридин милдетин аткаруу Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге жүктөлсүн.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Булак: Каганат